Prophetic Hadeeth Encyclopedia
Search and read verified Prophetic hadeeth translations, explanations, benefits, categories and source attribution. Page 16.
Search the Hadeeth Encyclopedia
Smart instant results tolerate minor spelling mistakes, with every filter in one place.
Эгерде силер Аллахка чыныгы таваккүль (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы бермек
Умар ибн аль-Хаттаб (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) риваят кылат. Ал Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин укту: «Эгерде силер Аллахка чыныгы таваккүль (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кеч…
Эгерде адамдарга доомат артканы бериле берсе, анда адамдар башкалардын мал-мүлк, кан-жанын доомат менен талап кыла бермек. Андыктан доомат кылган киши күбө-далил алып келиши керек. Ал эми дооматты четке каккан киши касам ичсе жетиштүү
Ибн Аббас (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эгерде адамдарга доомат артканы бериле берсе, анда адамдар башкалардын мал-мүлк, кан-жанын доомат менен талап кыла бермек. Андыктан доомат кылга…
Адам баласы толтура турган анын ашказанынан өткөн жаман идиш жок. Адам баласына анын дене-мүчөлөрүн кармап тургудай эле тамактанса жетиштүү. Эгер тоё жеш керек болсо, анда аш казанын үчкө бөлүп, бир бөлүгүн тамакка, бир бөлүгүн суусундукка, бир бөлүгүн абага калтырсын
Микдад бин Маъди Кариб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Адам баласы толтура турган анын ашказанынан өткөн жаман идиш жок. Адам баласына анын дене-мүчөлөрүн кармап тургудай эле тамактанс…
Ким биздин ишибизге андан болбогон жаңы ишти киргизсе, ал кайтарылат
Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким биздин ишибизге андан болбогон жаңы ишти киргизсе, ал кайтарылат ". Муттафакун алайхи. Муслимде: "Ким биздин ишибизде жок амалды аткарса, ал кайтарылат…
Кимде-ким бир ыймандуу адамды бул дүйнөдө кайгыдан арылтса, Аллах аны кыямат күндөгү кайгыдан арылтат
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Кимде-ким бир ыймандуу адамды бул дүйнөдө кайгыдан арылтса, Аллах аны кыямат күндөгү кайгыдан арылтат. Кимде-ким бирөөнүн ишин жеңилдетсе, Аллах ан…
«Эй, пенделерим! Чындыгында, Мен зулумдук кылууну Өзүмө арам кылдым жана аны силерге да арам кылдым. Ошондуктан силер, эч качан бири-бириңерге зулумдук кылбагыла! Эй, пенделерим! Чындыгында силердин баарыңар адашуудасыңар, бир гана Мен туура жолго салып койгон адамдар гана туура жолдо. Мына ошондуктан силер Менден туура жол сурагыла! Ошондо Мен силерди туура жолго саламын. Эй, пенделерим! Чындыгында, бардыгыңар ачкасыңар, Мен ырыскы берген адамдар гана ток болушат. Ошондуктан менден ырыскы сурагыла, Мен силерге ырыскы беремин. Эй, пенделерим! Акыйкатта силердин араңардан, Мен кийинтип койгон адамдардан башка баарыңар жылаңачсыңар. Ошондуктан силер – Менден гана кийиндирүүнү сурангыла, Мен силерди кийимдүү кылам. Эй, пенделерим! Силер эртеден кечке күнөө кыласыңар. Ал эми Мен күнөөлөрдүн бүт баарын кечиремин. Ошондуктан силер – Менден кечирим сурагыла! Мен силерди кечиремин. Эй, пенделерим! Мага зыян бергенге аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага зыян бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Силер Мага пайда бергенге да аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага пайда бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү силердин араңардан эң такыбалуу бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде такыба болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени көбөйтпөйт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү, силердин араңардан эң жаман бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде жаман болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени азайтпайт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысы бир жерге чогулушуп туруп, Менден муктаждыктарын сураса, Мен алардын ар бирине сураган нерселерин берсем да бул нерселер – ийне деңизге салынып алынганда деңиздин суусун ийне азайткан сыяктуу менин мүлкүмдөн ошончолук деңгээлде гана кемите алат. Эй, пенделерим! Чындыгында, алар силердин кылган иш-аракеттериңер. Ал иш-аракеттериңерди эсеп-кысап кылам. Анан ошого жараша силерге сооп же жаза берем. Кимде-ким өзүн жакшы абалда тапса, анда ал Аллахка мактоо айтсын. Ал эми кимде-ким өзүн жакшы абалда таппаса, анда ал өзүнөн башка эч кимди күнөөлөбөсүн».*@
Абу Зар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кудсий хадисте Аллах Тааланын мындай деп айтканын айтты: «Эй, пенделерим! Чындыгында, Мен зулумдук кылууну Өзүмө арам кылдым жана аны силерге да арам кылдым. Ошондук…
«Күндөрдүн биринде мен пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) артында учкашып бара жатсам ал мага мындай деп айтты: «Эй, бала! Мен сага ушундай сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сактайт. Аллахтын (дайыма шариятын) сактап жүр! Мына ошондо Аллах сени бардык жакшылыктарга жолдогонун табасың. Эгерде сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. А эгер жардам сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. Билгиниң! Эгерде бүткүл үммөт сага пайда берүү үчүн бириксе да, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле үммөттүн бардыгы сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Калемдер көтөрүлгөн, барактар кургаган».*@
Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) айтты: «Күндөрдүн биринде мен пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) артында учкашып бара жатсам ал мага мындай деп айтты: «Эй, бала! Мен сага ушундай сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сакт…
Аны өлтүрбө. Эгер аны өлтүрсөң, ал сен аны өлтүрө электеги сенин ордуңда болуп, сен болсо ал жанагы сөзүн айта электеги анын ордунда болуп каласың" - деди
Микдад бин Амр Киндий (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Мен каапырлардын бири менен бет келип согушуп, ал менин бир колумду кылыч менен шылый чапса, анан дарактын артына жашынып алып: Мен Аллах ү…
«Бир адам күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Андан кийин ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим! Менин күнөөмдү кечир» - деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим, менин күнөөмдү кечир» - деп айтты. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деди да: «Каалаганыңды кыл, анткени Мен сени кечирдим» - деп айтты.*@
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кудсий хадисте Аллах Тааланын мындай деп айтканын айтты: «Бир адам күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем кү…
Кимде-ким сарымсак же пияз жесе, бизге (же биздин мечитибизге) жолобой үйүндө отурсун
Жабир бин Абдуллах (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким сарымсак же пияз жесе, бизге (же биздин мечитибизге) жолобой үйүндө отурсун" . Бир жолу Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы…
Чындыгында, Аллахтын алдында адилеттүү болгондор нурдан болгон минбарларда, Улуу, Мээримдүү Заттын оң жагында болушат. Анын эки колу тең оң. (1) Алар өкүм кылганда адилеттүү болгондор, үй-бүлөлөрүнө адилеттүү болгондор жана башкарууда адилеттүү болгондор
Абдулла ибн Амр (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, Аллахтын алдында адилеттүү болгондор нурдан болгон минбарларда, Улуу, Мээримдүү Заттын оң жагында болушат. Анын эки колу тең оң.…

