Аны өлтүрбө. Эгер аны өлтүрсөң, ал сен аны өлтүрө электеги сенин ордуңда болуп, сен болсо ал жанагы сөзүн айта электеги анын ордунда болуп каласың" - деди
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Микдад бин Амр Киндий (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Мен каапырлардын бири менен бет келип согушуп, ал менин бир колумду кылыч менен шылый чапса, анан дарактын артына жашынып алып: Мен Аллах үчүн Исламды кабыл кылдым - десе, мен аны өлтүрсөм болобу, оо, Аллахтын элчиси? Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Аны өлтүрбө" - деди. Ал: Оо, Аллахтын элчиси, ал менин колумду кыя чаап, колумду кесип таштагандан кийин айтып жатат да? - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аны өлтүрбө. Эгер аны өлтүрсөң, ал сен аны өлтүрө электеги сенин ордуңда болуп, сен болсо ал жанагы сөзүн айта электеги анын ордунда болуп каласың" - деди.
Explanation
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аны өлтүрбө" - дейт.
Ал: оо, Аллахтын элчиси, ал менин бир колумду чаап салса да аны өлтүрбөймүнбү? - деп сурайт.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Аны өлтүрбө, анткени анын каны сага арам болду. Эгер ал исламга киргенден кийин сен аны өлтүрсөң, ал каны ислам менен корголгон сенин ордуңда болот. А сен болсо аны өлтүргөнүң үчүн өч алууга каны адал болгон адамдын ордунда болуп каласың - дейт.
Benefits
Эгер каапырлардын бири согуш учурунда Исламды кабыл алса, анын каны корголот. Аны кайра каапырлыгы анык болмоюнча өлтүрүүгө болбойт.
Мусулман адамдын каалоосу улутчулдугана жана кегине жараша эмес, шарияттын талабына жараша болууга тийиш.
Ибн Хажар минтип айткан: Окуя боло электе, анын болуу ыктымалдыгына жараша ал тууралуу суроого болот. Ал эми абалкы аалымдардын мындай нерсени суроо жакшы эмес деген пикири болуусу сейрек боло турган нерселерге карата айтылган. А адатта болуусу мүмкүн болгон нерсени билип алуу үчүн суроо шариятта тыюу салынган эмес.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

