«Сен китеп ээлеринен болгон коомго барасын. Аларга барганыңда аларды: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси» - деп күбөлүк берүүгө чакыр. Эгер алар аны кабыл кылышса, анда Аллах аларга бир күндө беш убак намазды парз кылгандыгын кабар бергин. Эгер алар аны кабыл кылышса, анда Аллах алардын байларынан алынып кедейлерине бериле турган зекетти парз кылгандыгын кабар бергин. Эгерде алар аны кабыл кылышса, зекетке алардын эң жакшы малын алып коюудан алыс бол. Зулум чеккен адымдын дубасынан сактан. Анткени анын дубасы менен Аллахтын ортосунда тосмо жок.@*
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муьаз ибну Жабалды Йеменге жөнөтүп жатканда ага мындай деп айтты: «Сен китеп ээлеринен болгон коомго барасын. Аларга барганыңда аларды: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси» - деп күбөлүк берүүгө чакыр. Эгер алар аны кабыл кылышса, анда Аллах аларга бир күндө беш убак намазды парз кылгандыгын кабар бергин. Эгер алар аны кабыл кылышса, анда Аллах алардын байларынан алынып кедейлерине бериле турган зекетти парз кылгандыгын кабар бергин. Эгерде алар аны кабыл кылышса, зекетке алардын эң жакшы малын алып коюудан алыс бол. Зулум чеккен адымдын дубасынан сактан. Анткени анын дубасы менен Аллахтын ортосунда тосмо жок.
Explanation
Benefits
«Мухаммад расулуллах» келимесинин мааниси; Пайгамбарга, анын алып келген динине ыйман келтирип, аны тастыктоо жана ал Аллахтын адамзатка жиберген элчилеринин эң акыркысы экенине ыйман келтирүү.
Аалымдын динде шек-күмөнү бар адам менен сүйлөшүүсү сабатсыз адам менен сүйлөшкөндөй болбошу керек. Ошондуктан Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муьазга: «Сен китеп ээлеринен болгон коомго барасын» - деп эскертти.
Мусулман адам шек-күмөндөн жана туура эмес түшүнүктөн арылуу үчүн илим алуу менен өз динин билүүсү зарыл.
Яахудийлердин жана христиандардын дини Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жиберилгенден кийин жараксыз болду. Алар Ислам динин кабыл алып, Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыйман келтирмейинче кыямат күнү тозоктон кутула алышпайт.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

