«Күндөрдүн биринде мен пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) артында учкашып бара жатсам ал мага мындай деп айтты: «Эй, бала! Мен сага ушундай сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сактайт. Аллахтын (дайыма шариятын) сактап жүр! Мына ошондо Аллах сени бардык жакшылыктарга жолдогонун табасың. Эгерде сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. А эгер жардам сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. Билгиниң! Эгерде бүткүл үммөт сага пайда берүү үчүн бириксе да, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле үммөттүн бардыгы сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Калемдер көтөрүлгөн, барактар кургаган».*@
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) айтты: «Күндөрдүн биринде мен пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) артында учкашып бара жатсам ал мага мындай деп айтты: «Эй, бала! Мен сага ушундай сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сактайт. Аллахтын (дайыма шариятын) сактап жүр! Мына ошондо Аллах сени бардык жакшылыктарга жолдогонун табасың. Эгерде сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. А эгер жардам сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. Билгиниң! Эгерде бүткүл үммөт сага пайда берүү үчүн бириксе да, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле үммөттүн бардыгы сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Калемдер көтөрүлгөн, барактар кургаган».
Explanation
Аллахтын буйруктарын аткаруу менен жана тыюу салган нерселериннен сактануу менен Аллахтын шариятын сакта. Ошондо сен Аллахты өзүңө жакын тутуп жатканыңда, Ага ибадат кылып жатканыңда табасын жана Андан баш тартканыңда, күнөө кылып жатканыңда Аны таппайсын. Эгер ушундай кылсаң, сага сыйлык - Аллах сени бул дүйнө жана акырет балээлеринен сактап, кайда барбагын зарыл иштериңде жардам берет.
А эгер бир нерсе сурагың келсе, анда Аллахтан гана сура, анткени сурагандарга Ал гана жооп берет.
А эгер жардам кааласаң, анда Аллахтан гана жардам сура.
Сенде ушундай ишенич болсун эгерде бүткүл жер жүзүндөгү бардык адамдар сага пайда берүү үчүн бириксе да алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле бүткүл жер жүзүндөгү бардык адамдар сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат.
Чындыгында, бул иш Аллах Таала тарабынан жазылган жана Анын даанышмандыгынын жана илиминин талабына ылайык тагдыр кылынган. Аллах жазып койгон нерседе эч кандай өзгөртүү болбойт.
Benefits
Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлык болот же жаза болот.
Иштер Аллахка таянуу менен жана Ага гана таваккүль кылуу менен болот. Ал эң жакшы Кепилдике Алуучу.
Тагдырга жана тагдырдын ишке ашуусуна ыйман келтирүү жана ага ыраазы болуу. Чындыгында, Аллах Таала бардык нерсени тагдыр кылган.
Ким Аллахтын буйругунда кемчилик кетирсе, анда Аллах аны адаштырат жана аны сактабайт.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

