Кимде-ким бир ыймандуу адамды бул дүйнөдө кайгыдан арылтса, Аллах аны кыямат күндөгү кайгыдан арылтат
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Кимде-ким бир ыймандуу адамды бул дүйнөдө кайгыдан арылтса, Аллах аны кыямат күндөгү кайгыдан арылтат. Кимде-ким бирөөнүн ишин жеңилдетсе, Аллах анын ишин дүйнө жана акыретте жеңилдетет. Кимде-ким мусулмандын айыбын жашырса, Аллах дүйнө жана акыретте анын айыбын жашырат. (Диндеш) тууганына жардам берген пендеге Аллах да жардам берет. Кимде-ким илим издеп жолго чыкса, ошол үчүн Аллах ага бейиштин жолун жеңил кылат. Кайсы бир адамдар Аллахтын үйлөрүнүн бирине чогулуп Аллахтын китебин окуп, бири-бирине үйрөтсө, аларга бейпилдик түшөт, ырайым ороп алат, аларды периштелер курчайт, Аллах аларды периштелерге мактайт. Кимди иш-амалдары артта калтырса, аны ата-теги алдыга жылдырып койбойт".
Explanation
Benefits
Кыйналган адамдын ишин жеңилдетүүгө кызыктырган.
Мусулманды колдоого кызыктырган, ал канча колдосо, аны Аллах ошончо колдойт.
Мусулманды жашырууга анын кемчиликтерин аңдыбоо да кирет. Абалкылардын сөзү бар: Айыбы жок коомду көрдүм. Бирок алар адамдардын айыбын айтышат эле. Анан адамдар алардын айыбын айта баштады. Ошондой эле айыбы бар коомду көрдүм. Бирок алар башкалардын айыбын жашырат эле. Ошондуктан алардын айыбы да унутулчу.
Адамдардын айыбын жашыруу – жамандыкты токтотпой коюу дегенди билдирбейт. Тескерисинче, жамандыктын алдын алып, ошол эле учурда жашыруу керек. Бул — бузукулукта жана зулумдукту тынымсыз улантууда белгилүү болбогон адамдарга тиешелүү. Ал эми ким жамандыкта белгилүү болсо, аны жашыруу жакшы эмес, тескерисинче, эгер чоң зыян алып келбесе, анын ишин бийлик ээсине (валисине) билдирүү керек. Анткени аны жашыруу бузукулукка шыктандырат, адамдарга зыян кылууга жана башка жамандык ээлерин да ошого үндөп, тайманбай кылууга түрткү берет.
Хадисте илим алууга, Куран окууга жана аны үйрөтүүгө кызыктырган.
Имам Навави минтип айткан: "Бул хадис Куран окуу үчүн мечитке чогулуунун артыкчылыгын далилдейт. Медреседе ж.б. диний окуу жайларда чогулуп Куран окуу, үйрөнүү деле ушул сыяктуу".
Жаза, сый амалга жараша берилет, текке карата эмес.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

