«Бир адам күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Андан кийин ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим! Менин күнөөмдү кечир» - деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим, менин күнөөмдү кечир» - деп айтты. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деди да: «Каалаганыңды кыл, анткени Мен сени кечирдим» - деп айтты.*@
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кудсий хадисте Аллах Тааланын мындай деп айтканын айтты: «Бир адам күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Андан кийин ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим! Менин күнөөмдү кечир» - деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим, менин күнөөмдү кечир» - деп айтты. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деди да: «Каалаганыңды кыл, анткени Мен сени кечирдим» - деп айтты.
Explanation
Benefits
Аллах Таалага ыйман келтирген адам Раббисинин кечириминен үмүт кылат, Анын азабынан коркот. Ошондуктан тообо кылууга шашат жана күнөө кылууну токтотот.
Чыныгы тообо кылуунун шарттары: күнөөсүн таштоо, өкүнүү жана кайра күнөөгө барбоого ниет кылуу. Ал эми пенделердин мал мүлкүн тартып алып, намысын тепсеп же напсисин кордоп зулумдук кылган болсо, анда анын тообо кылуусуна төртүнчү шарт кошулат. Ал - Акы ээлери акысын кечүү үчүн алардан ыраазычылык суроо же алардын акысын берүү.
Аллах тууралуу илим алуу эң зарыл. Ал илим пендени дин маселелерини билүүчү кылып коёт. Ошондуктан ал пенде ката кетирген сайын тообо кылат, Аллахтан үмүтүн үзбөйт жана күнөөсүн кайра уланта бербейт.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

