افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم.
Islamic Reads · HadeethEnc

Prophetic Hadeeth Encyclopedia

Search and read verified Prophetic hadeeth translations, explanations, benefits, categories and source attribution. Page 5.

Content source:HadeethEnc.com·Version 1.27.0
517hadeeths
Advanced search

Search the Hadeeth Encyclopedia

Smart instant results tolerate minor spelling mistakes, with every filter in one place.

171hadeeths
Clear filters
Categories

Акыйда (ишеним)

12 hadeeths in this category
#4316HadeethEnc[Сахих (ишенимдүү)]

Оо, адамдар! Аллах Аруу-Таза, таза нерселерди гана кабыл кылат. Аллах Таала ыймандууларга пайгамбарларга буйруган нерсени буйруган

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Оо, адамдар! Аллах Аруу-Таза, таза нерселерди гана кабыл кылат. Аллах Таала ыймандууларга пайгамбарларга буйруган нерсени буйруган. Ал минтип айтк…

Read hadeeth
Share
#4322HadeethEnc[Сахих (ишенимдүү)]

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Улуу Раббисинен риваят кылган хадисте мындай деп айтты: «Чындыгында, Аллах жакшылыктарды да, жамандыктарды да жазып анан аны ачык баяндады. Кимде-ким бир жакшылык кылууну каалап, аны аткара албай калса, анда Аллах Өзүндө ага толук жакшылык жазат. А эгерде ал ниет кылып аны аткарса, анда Аллах Өзүндө ага он эседен жети жүз эсеге чейин, бир канча эселетип жазат. Кимде-ким бир жамандык кылууну ниет кылып, аны кыла албай калса, анда Аллах ага толук жакшылык жазат. А эгерде ниет кылып аны аткарган болсо, анда Аллах Өзүндө ага бир жамандыкты гана жазат».@

Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Улуу Раббисинен риваят кылган хадисте мындай деп айтты: «Чындыгында, Аллах жакшылыктарды да, жамандыктарды да жазып анан аны ачык баяндады. Кимде-ким бир жакшылы…

Read hadeeth
Share
#4563HadeethEnc[Сахих (ишенимдүү)]

«Күндөрдүн биринде биз Аллахтын элчисинин жанында олтурган элек. Ошол учурда жаныбызга аппак кийимчен, чачтары капкара болгон бир киши келди. Анын кейпинде мусапырлык белги да жок, эч кимибиз аны тааныбайт да экенбиз. Ал келип эле Аллахтын элчисинин тизесине тизесин тийгизип, колдорун сандарына коюп олтурду да: – Оо, Мухаммад! Мага Ислам жөнүндө айтып бер - деди. Аллахтын элчиси: – Ислам – бул Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Анын элчиси экендигине күбөлүк берүүң, намазды толук аткарууң, зекет берүүң, Рамазан орозосун тутууң жана күчүң жетсе каабага ажылык кылууң - деп жооп берди. Жанагы киши: – Туура айттың - деди. Биз анын суроо берип, кайра өзү тастыктап жатканына таң калдык. Андан кийин ал: – Эми мага Ыйман жөнүндө айтып бер - деп сурады. Аллахтын элчиси: – Ыйман – бул Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына, акырет күнүнө жана жакшылык менен жамандык тагдырдан болоруна ишенүүң - деп жооп берди. Ал киши: – Туура айттың - деди. Анан: – Эми мага Ихсан жөнүндө айтып бер - деди. Аллахтын элчиси: Ихсан – бул сен Аллахты көрүп турганыңдай Ага сыйынууң. Сен Аны көрбөсөң да, Ал сени сөзсүз түрдө көрүп турат - деп жооп берди. Ал киши: – Кыямат качан болорун айтып бер - деди. Аллахтын элчиси: – Бул жөнүндө суралуучу сурап жаткандан артык билбейт - деп жооп берди. Ал киши: – Андай болсо, мага кыяматтын белгилери туурасында айтып бер - деди. Ал айтты: – Күңдөн өзүнүн кожоюну төрөлөт, жылаң аяк, киерге кийими жок кедей малчылар бийик-бийик имараттарды курууда бири-бири менен атаандашканына күбө болосуң - деп жооп берди. Умар айтты: «Андан кийин ал киши кетип калды. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Аллахтын элчиси менден: – Эй, Умар! Суроо узаткан киши ким экенин билесиңби? - деп сурады. Мен: – Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - деп жооп бердим. Ошондо ал: – Чындыгында, ал Жебирейил периште болчу. Силерге диниңерди үйрөткөнү келген эле - деп айтты».*@

Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деди: «Күндөрдүн биринде биз Аллахтын элчисинин жанында олтурган элек. Ошол учурда жаныбызга аппак кийимчен, чачтары капкара болгон бир киши келди. Анын кейпинде мусапырлык белги да жок, эч кимибиз аны тааныбайт да…

Read hadeeth
Share
#4792HadeethEnc[Сахих (ишенимдүү)]

Ким биздин ишибизге андан болбогон жаңы ишти киргизсе, ал кайтарылат

Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким биздин ишибизге андан болбогон жаңы ишти киргизсе, ал кайтарылат ". Муттафакун алайхи. Муслимде: "Ким биздин ишибизде жок амалды аткарса, ал кайтарылат…

Read hadeeth
Share
#4810HadeethEnc[Сахих (ишенимдүү)]

«Эй, пенделерим! Чындыгында, Мен зулумдук кылууну Өзүмө арам кылдым жана аны силерге да арам кылдым. Ошондуктан силер, эч качан бири-бириңерге зулумдук кылбагыла! Эй, пенделерим! Чындыгында силердин баарыңар адашуудасыңар, бир гана Мен туура жолго салып койгон адамдар гана туура жолдо. Мына ошондуктан силер Менден туура жол сурагыла! Ошондо Мен силерди туура жолго саламын. Эй, пенделерим! Чындыгында, бардыгыңар ачкасыңар, Мен ырыскы берген адамдар гана ток болушат. Ошондуктан менден ырыскы сурагыла, Мен силерге ырыскы беремин. Эй, пенделерим! Акыйкатта силердин араңардан, Мен кийинтип койгон адамдардан башка баарыңар жылаңачсыңар. Ошондуктан силер – Менден гана кийиндирүүнү сурангыла, Мен силерди кийимдүү кылам. Эй, пенделерим! Силер эртеден кечке күнөө кыласыңар. Ал эми Мен күнөөлөрдүн бүт баарын кечиремин. Ошондуктан силер – Менден кечирим сурагыла! Мен силерди кечиремин. Эй, пенделерим! Мага зыян бергенге аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага зыян бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Силер Мага пайда бергенге да аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага пайда бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү силердин араңардан эң такыбалуу бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде такыба болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени көбөйтпөйт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү, силердин араңардан эң жаман бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде жаман болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени азайтпайт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысы бир жерге чогулушуп туруп, Менден муктаждыктарын сураса, Мен алардын ар бирине сураган нерселерин берсем да бул нерселер – ийне деңизге салынып алынганда деңиздин суусун ийне азайткан сыяктуу менин мүлкүмдөн ошончолук деңгээлде гана кемите алат. Эй, пенделерим! Чындыгында, алар силердин кылган иш-аракеттериңер. Ал иш-аракеттериңерди эсеп-кысап кылам. Анан ошого жараша силерге сооп же жаза берем. Кимде-ким өзүн жакшы абалда тапса, анда ал Аллахка мактоо айтсын. Ал эми кимде-ким өзүн жакшы абалда таппаса, анда ал өзүнөн башка эч кимди күнөөлөбөсүн».*@

Абу Зар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кудсий хадисте Аллах Тааланын мындай деп айтканын айтты: «Эй, пенделерим! Чындыгында, Мен зулумдук кылууну Өзүмө арам кылдым жана аны силерге да арам кылдым. Ошондук…

Read hadeeth
Share
#4811HadeethEnc[Сахих (ишенимдүү)]

«Күндөрдүн биринде мен пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) артында учкашып бара жатсам ал мага мындай деп айтты: «Эй, бала! Мен сага ушундай сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сактайт. Аллахтын (дайыма шариятын) сактап жүр! Мына ошондо Аллах сени бардык жакшылыктарга жолдогонун табасың. Эгерде сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. А эгер жардам сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. Билгиниң! Эгерде бүткүл үммөт сага пайда берүү үчүн бириксе да, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле үммөттүн бардыгы сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Калемдер көтөрүлгөн, барактар кургаган».*@

Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) айтты: «Күндөрдүн биринде мен пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) артында учкашып бара жатсам ал мага мындай деп айтты: «Эй, бала! Мен сага ушундай сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сакт…

Read hadeeth
Share
#4815HadeethEnc[Сахих (ишенимдүү)]

Аны өлтүрбө. Эгер аны өлтүрсөң, ал сен аны өлтүрө электеги сенин ордуңда болуп, сен болсо ал жанагы сөзүн айта электеги анын ордунда болуп каласың" - деди

Микдад бин Амр Киндий (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Мен каапырлардын бири менен бет келип согушуп, ал менин бир колумду кылыч менен шылый чапса, анан дарактын артына жашынып алып: Мен Аллах ү…

Read hadeeth
Share
#4947HadeethEnc[Сахих (ишенимдүү)]

Менин үммөтүмдөн баш тарткандардан башкасынын баары бейишке кирет. Ошондо: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким баш тартат?» - деп айтышат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким мага моюн сунса, Бейишке кирет. Ким мага моюн сунбаса, анда баш тарткан болот» - деп айтты

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Менин үммөтүмдөн баш тарткандардан башкасынын баары бейишке кирет. Ошондо: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким баш тартат?» - деп айтышат. Пайгамбар…

Read hadeeth
Share
#4950HadeethEnc[Сахих (ишенимдүү)]

Кыямат күнү пенде өмүрүн эмне менен өткөргөнү, илимин кандай пайдаланганы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда каржылаганы, дене-кубатын кандай иштеткени тууралуу суралмайынча анын кадамы жылбайт

Абу Барза ал-Аслами (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кыямат күнү пенде өмүрүн эмне менен өткөргөнү, илимин кандай пайдаланганы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда каржылаганы, дене-кубатын кандай…

Read hadeeth
Share
#4958HadeethEnc[Сахих (ишенимдүү)]

Бул тууну Аллахты жана Анын элчисин жакшы көргөн адамга берем. Аллах Таала аны жеңишке жеткирет

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Хайбар согушу болгон күнү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Бул тууну Аллахты жана Анын элчисин жакшы көргөн адамга берем. Аллах Таала аны жеңишке жеткирет". Умар бин Хаттаб айтат: Мен…

Read hadeeth
Share
#4969HadeethEnc[Сахих (ишенимдүү)]

Ыймандуулар бири-бирин жакшы көрүүдө, ырайым кылууда жана жардам берүүдө бир бүтүн дене сыяктуу, дененин бир мүчөсү ооруса, уйкусуздукта жана ысытмада ага бардык мүчөлөр шерик болот

Нуъман бин Башир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ыймандуулар бири-бирин жакшы көрүүдө, ырайым кылууда жана жардам берүүдө бир бүтүн дене сыяктуу, дененин бир мүчөсү ооруса, уйкусуздукта жана…

Read hadeeth
Share

Shopping Basket

Loading...