Адам Исламды эң жакшы кармануусу - өзүнө тиешеси жок нерсеге кийлигишпегени
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адам Исламды эң жакшы кармануусу - өзүнө тиешеси жок нерсеге кийлигишпегени".
Explanation
Benefits
Ашыкча жана керексиз сөздөн, иштен өзүн сактоо - анын дининин толуктугунан кабар берет.
Хадис адамды өзүнө тиешелүү иш-амалдарды аткарууга үндөйт. Өзүнө тиешеси жоктон алыс болуу исламды жакшы кармануу болсо, өзүнө тиешелүү иш менен алек болуу да анын жакшы белгиси.
Ибн Каййим мындай деген: "Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) такыбалыктын баарын бир суйлөм менен айткан, ал: "Адам Исламды эң жакшы кармануусу - өзүнө тиешеси жок нерсеге кийлигишпегени" - деген хадиси. Бул өзүнө тиешеси жок сөздөн, кароодон, угуудан, басып баруудан, кармоодон, ойлонуудан ж.б. ачык жана жашыруун аракеттердин баарынан сактануу керек дегенди билдирет".
Ибн Ражаб мындай деген: "Бул хадис адептин негиздеринин бири".
Хадис илим алууга үндөйт, анткени, илим алуу менен адам эмне өзүнө тиешелүү, эмне тиешелүү эмес экенин ажыратат.
Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйып, акыл-насаат айтып туруу зарыл. Анткени, инсан буга буйрулган.
Хадистин жалпы маанисине булар кирет: Аллах Таала арам кылган жана пайгамбарыбыз жактырбаган нерселерден алыс болуу. Ошондой эле зарыл болбогон иштерден качуу. Мисалы, акыретке байланыштуу кайып, көмүскө сырларды иликтөө, жаратуу жана башкаруу ишинин майда-чүйдө өкүмдөрүн териштирүү, иш жүзүндө болбогон, дээрлик болбой турган, же элестетүү да мүмкүн болбогон маселелерди сурап-изилдөө.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

