Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оору жөнүндө кабар берейинби?"- деп үч жолу айтты. Ошондо сахабалар: "Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!" - дешти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Аллахка шерик кошуу жана ата-энени нараазы кылуу". Ошондо Пайгамбар жөлөнүп жаткан жеринен отура калып: "Жалган күбөлүк берүү!" - деп кайра-кайра айтып, биз: "Токтотсо экен" дегенге чейин кайталай берди
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Бакра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оору жөнүндө кабар берейинби?"- деп үч жолу айтты. Ошондо сахабалар: "Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!" - дешти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Аллахка шерик кошуу жана ата-энени нараазы кылуу". Ошондо Пайгамбар жөлөнүп жаткан жеринен отура калып: "Жалган күбөлүк берүү!" - деп кайра-кайра айтып, биз: "Токтотсо экен" дегенге чейин кайталай берди".
Explanation
1. Аллахка шерик кошуу деген - ал ибадаттын кандай түрүн болсо да Аллахтан башкага кылуу жана Аллахтан башканы улухияда, рубубияда, Аллахтын ысым-сыпаттарында Аллах менен теңөө болуп саналат.
2. Ата-энени нараазы кылуу - бул ата-энеге сөз менен болсо да, кыймыл аракет менен болсо да зыян жеткирүү жана аларга жакшылык кылууну таштоо.
3. Жалган күбөлүк берүү жана жалгандан күбөлүккө өтүү. Бул акчасын алып, ар-намысына шек келтирип, же башка ушул сыяктуу нерселер менен айыпка жыгып каралоо максатында жалган айтылган сөздөр.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир нече жолу жалгандан күбөлүк берүүдөн кайра-кайра эскертип, анын жамандыгынан жана анын коомго тийгизген терс таасиринен эскертип жатканда Сахабалар Пайгамбарга боорлору ооруп, аны кыйнаган нерсени жек көрүшүп: «Пайгамбар токтосо экен» деп айтышты.
Benefits
Ата-эненин акысынын улуулугу. Анткени Пайгамбар алардын акыларын Аллах Тааланын акысы менен бирге айтты.
Күнөөлөр чоң жана кичине күнөөлөр болуп экиге бөлүнөт. Чоң күнөө - бул худуд жана каргыш айтышуу (1) сыяктуу бул дүйнөдө жазасы бар ар бир күнөө же тозок азабы сыяктуу акыретте жазасы бар күнөө. Албетте чоң күнөөлөрдүн даражалары бар. Чоң күнөөлөрдүн кээ бирлери кээ бирлеринен арамдык жагынан оор. Ал эми чоң күнөөлөрдөн башкалары алар кичине күнөөлөр.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

