Чоң күнөөлөр: Аллахка шерик кошуу, ата-энеге ак болуу, адам өлтүрүү жана жалган ант берүү
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абдуллах бин Амр бин Аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Чоң күнөөлөр: Аллахка шерик кошуу, ата-энеге ак болуу, адам өлтүрүү жана жалган ант берүү".
Explanation
Чоң күнөөлөрдүн биринчиси: "Аллахка шерик кошуу". Бул ибадаттын кандай түрүн болсо да Аллахтан башкага арноо жана Аллахтан башканы Аллахтын сыпаттары болгон улухияда, рубубияда, Аллахтын ысым-сыпаттарында Аллах менен теңөө.
Экинчиси: Ата-энени нараазы кылуу. Ата-энеге сөз менен болсо да, кыймыл аракет менен болсо да зыян жеткирүү жана аларга жакшылык кылууну таштоо.
Үчүнчүсү: Душмандык кылып жана зулумдук менен адам өлтүрүү сыяктуу адилетсиздик менен адам өлтүрүү.
Төртүнчүсү: Жалгандан касам ичүү. Бул калп айтып жатканын билип туруп жалгандан касам ичүүсү. Ушул "жалгандан касам ичүү" деп аталат. Анткени ал жалгандан касам ичип жаткан адамды күнөөгө же тозокко батырып салат.
Benefits
Хадисте бул төрт чоң күнөө өзгөчө оор болгондуктан гана эскерилди, чоң күнөөлөр ошолор менен гана чектелгендиктен эмес.
Күнөөлөр чоң жана кичине күнөөлөр болуп экиге бөлүнөт. Чоң күнөө - бул худуд жана каргыш айтышуу (1) сыяктуу бул дүйнөдө жазасы бар ар бир күнөө же тозок азабы сыяктуу акыретте жазасы бар күнөө. Албетте чоң күнөөлөрдүн даражалары бар. Чоң күнөөлөрдүн кээ бирлери кээ бирлеринен арамдык жагынан оор. Ал эми чоң күнөөлөрдөн башкалары алар кичине күнөөлөр.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

