Күмөн саноодон сактангыла! Анткени, күмөн саноо сөздөрдүн жалганы
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтты, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Күмөн саноодон сактангыла! Анткени, күмөн саноо сөздөрдүн жалганы . Адамдардын айыбын издебегиле, тыңчылык кылбагыла, бири-бириңерге көралбастык кылбагыла, кол үзүп кетпегиле, жек көрүп калбагыла! Эй, Аллахтын пенделери, бир тууган болгула!"
Explanation
(Жаман күмөн саноо) бул эч кандай далили жок эле жүрөктө пайда болгон доомат, шек-күмөн, муну сөздөрдүн эң жалганы деп баяндаган.
(Тахассус, аңдуу): көзү менен да, кулагы менен да адамдардын айыбын аңдып, изденүү.
(Тажассус, баканооздук кылуу): жашыруун иштерди билүү үчүн атайын тыңчылык кылуу, көбүнчө жаман иштерге тыңчылык кылууга айтылат.
(Хасад, көралбастык) башкаларга кандайдыр бир жакшылыктын болуусун жаман көрүү, ичи тардык кылуу.
(Тадаабур, жүз үйрүп кетүү) биринен бири жүз буруп кетүү, саламдашпай калуу, мусулман бир тууганынан кабар албай коюу.
(Табаагуз, жек көрүү) жаман көрүү, жактырбоо, кабагын чытуу, жакшы кабыл кылбоо.
Анан акырында мусулмандардын абалын оңдой турган көп жактуу сөздү айтты: (Аллахтын пенделери, бир тууган болуп жашагыла). Бир туугандык - аны менен адамдардын алакасы бекемделе турган, алардын араларында махабат, мээрди пайда кыла турган байланыш.
Benefits
Тыюу салынып жаткан күмөн (доомат) бул дайыма жүрөктө турган жана дайыма боло бере турган күмөн. Ал эми напсиге бир келип, кайра кете берген күмөнгө адам жооп бербейт.
Тыңчылык, көралбастык, ж.б. сыяктуу мусулман коомчулугундагы адамдардын ортосуна бөлүнүүгө, карым-катышты токтотууга себеп боло турган иштер арам, тыюу салынган.
Мусулмандар мамилесинде (бири-бирине) насаат айтып, боордоштук кылып, бир туугандык мамиледе болуусун осуят кылган.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

