HadeethEnc · 1.27.0
О, Аллахтын элчиси, жихадды амалдардын абзели деп билебиз. Жихадга чыкпайбызбы?" Аллахтын элчиси: "Жок, жихаддын абзели - бул, кабыл болгон ажылык" - деп жооп берет
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: "О, Аллахтын элчиси, жихадды амалдардын абзели деп билебиз. Жихадга чыкпайбызбы?" Аллахтын элчиси: "Жок, жихаддын абзели - бул, кабыл болгон ажылык" - деп жооп берет.
02
Explanation
Сахабалар (аларга Аллах ыраазы болсун) Аллах жолундагы жихадга чыгууну, душман менен согушууну амалдардын абзели деп билген. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан жихадка чыгууну сурайт.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага туура жол көрсөтүп, аялдар үчүн жихаддын жакшысы кабыл боло турган ажылык, тагыраагы, Куран жана сүннөткө ылайык, күнөө жана эл көрсүндөн таза аткарылган ажылык экенин айтат.

03
Benefits
Эркектер үчүн абзел амалдардын бири жихад.
Аялдар үчүн жихадга караганда ажылык абзел. Бул алар үчүн эң абзел амалдардын бири.
Аткаруучуга карап амалдар ар түрдүү жана артыкчылыктуу болот.
Ажылык дагы жихад деп аталат. Анткени ал напсиге карата жихад болуп эсептелет. Анда мал-мүлк сарпталат, дене-мүчөгө күч келет. Ажылык Аллах жолундагы жихадга окшош мал-мүлк жана дене мүчөлөр менен аткарылат.

Attribution
[Бухари жазып калтырган]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares