HadeethEnc · 1.27.0
Анда Рамазан айы келгенде умрага бар. Ал айдагы умра ажыга тете болот" - деди
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси ансарлардан бир аялга (Ибн Аббас анын атын айтты эле, мен унутуп калдым): "Эмненин айынан биз менен ажыга барбай калдың?" - деди. Ал: Бизде эки төөбүз бар эле, анын бирин минип күйөөм менен балам ажыга кетти. Экинчисин суу ташып ичкенге пайдаланып жатканбыз" - деди. "Анда Рамазан айы келгенде умрага бар. Ал айдагы умра ажыга тете болот" - деди.
02
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коштошуу ажылыгынан келгенден кийин, ансарлардан ажыга барбай калган бир аялга кайрылып: "Биз менен ажыга баруудан сени эмне тосуп калды?" - деп сурайт.
Аял аларда эки төөсү болгонун, анын бирин күйөөсү менен баласы минип ажыга кеткенин, экинчисин үйдө калгандарга кудуктан суу ташып ичип туруу үчүн калтырышканын айтып үзүрүн билдирет.
Ошондо Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага Рамазан айында умра кылуу ажылык кылгандай сооптуу болорун айтты.

03
Benefits
Рамазан айындагы умра артыкчылыктуу болот.
Рамазан айында аткарылган умра сообу жагынан ажыга тете болот, бирок ажылыктын милдетин моюндан түшүрбөйт.
Иш-амалдардын сооп-сыйлыгы убакыттын артыкчылыгына карап көбөйөт. Буга Рамазан айындагы иш-амалдар да кирет.

Attribution
[Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares