HadeethEnc · 1.27.0
Кимде-ким Аллах үчүн аялы менен жыныстык катнаш кылбай жана бузукулук иштерди кылбай ажылык кылса, анда ал энеден төрөлгөндөй күнөөлөрүнөн таза болуп кайтат
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылып айтат: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Кимде-ким Аллах үчүн аялы менен жыныстык катнаш кылбай жана бузукулук иштерди кылбай ажылык кылса, анда ал энеден төрөлгөндөй күнөөлөрүнөн таза болуп кайтат».
02
Explanation
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Кимде-ким Аллах үчүн аялы менен жыныстык катнаш кылбай ажылык кылса» - деген сөзүндөгү жыныстык катнаш – бул жыныстык катнаш кылуу жана ага киришүүдөн алдынкы өбүшүү жана кармалашуу экендигин баяндап жатат. Жана жыныстык катнаш – бул жаман сөздөр деп да айтылат. Ошондой эле анын «бузукулук иштерди аткарбай» деген сөзү – бул жаман иштерди жана күнөө иштерди аткарбоо экендигин баяндап жатат. Жана Ажылык учурунда тыюу салынган (1) иштерди кылуу да бузукулук иштерден болот. Кимде-ким Аллах үчүн ушуларды кылбай ажылык кылса, анда ажылыктан энеден төрөлгөндөй күнөөлөрүнөн таза ымыркай сыяктуу күнөөсү кечирилген абалда кайтарын баяндап жатат.
03
Benefits
Бузукулук иштерди кылуу бардык учурда тыюу салынат. Ошондуктан ажылык амалдарын улуктугу үчүн ажылык учурунда бузукулук иштерден тыюу бекемделип жатат.
Инсан күнөөсүз төрөлөт жана ал өзүнөн башкалардын күнөөсүн көтөрбөйт.
Инсан күнөөсүз төрөлөт жана ал өзүнөн башкалардын күнөөсүн көтөрбөйт.
Attribution
[Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

