القصص

 

Al-Qasas

 

The Stories

1 - Al-Qasas (The Stories) - 001

طسٓمٓ
Та. Син. Мим.[1]
[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

2 - Al-Qasas (The Stories) - 002

تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُبِينِ
Булар анык Китеп аяттары.

3 - Al-Qasas (The Stories) - 003

نَتۡلُواْ عَلَيۡكَ مِن نَّبَإِ مُوسَىٰ وَفِرۡعَوۡنَ بِٱلۡحَقِّ لِقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
(Оо, Мухаммад!) Биз сага (сен аркылуу ыймандуу адамдарга) Муса менен Фараондун окуясын акыйкат менен окуп беребиз.

4 - Al-Qasas (The Stories) - 004

إِنَّ فِرۡعَوۡنَ عَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَجَعَلَ أَهۡلَهَا شِيَعٗا يَسۡتَضۡعِفُ طَآئِفَةٗ مِّنۡهُمۡ يُذَبِّحُ أَبۡنَآءَهُمۡ وَيَسۡتَحۡيِۦ نِسَآءَهُمۡۚ إِنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلۡمُفۡسِدِينَ
Чынында, Фараон жер бетинде (өзүнүн байлыгы, бийлиги, аскер күчү менен) текеберленип чектен чыкты. Жана (байыркы Египет) элдерин бөлүктөргө бөлүп салды. Алардан бир тайпа элге (Исраил урпактарына) зулум көргөзүп, эркек балдарын союп, кыз балдарын тирүү калтырып жатты.[1] Чынында ал бузуку адамдардан болгон.
[1] Ал «Бир күн келип ушул Исраил урпактары бизди Мисирден чыгарып жибербегей эле» деп кооптонду. Себеби, Исраил урпактарында туулуу жана адам санынын өсүшү Фараондун элине салыштырмалуу өтө жогору болгон. Ошондон улам, бул элдин эркек төрөлгөн балдарын өлтүрүп, кыз балдарын жөн коюуга буйрук берди. Аскерлер үймө-үй кыдырып жүрүп, кимдин үйүндө эркек бөбөк болсо, ата-энесин каратып туруп союп жатышты. Ошол мезгилде Муса жаңы эле төрөлгөн бөбөк болчу.

5 - Al-Qasas (The Stories) - 005

وَنُرِيدُ أَن نَّمُنَّ عَلَى ٱلَّذِينَ ٱسۡتُضۡعِفُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَنَجۡعَلَهُمۡ أَئِمَّةٗ وَنَجۡعَلَهُمُ ٱلۡوَٰرِثِينَ
Анан биз жерде (Мисирде) зулумдук көргөн адамдарга (Исраил урпактарына) жакшылык кылып, аларды жол башчылар жана (жерде) мураскорлор кылууну кааладык.

6 - Al-Qasas (The Stories) - 006

وَنُمَكِّنَ لَهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَنُرِيَ فِرۡعَوۡنَ وَهَٰمَٰنَ وَجُنُودَهُمَا مِنۡهُم مَّا كَانُواْ يَحۡذَرُونَ
Жана Биз аларды жерде бекем жайгаштырууну, Фараон, Хаман[1] жана экөөсүнүн аскерлерине ушулар тарабынан өздөрү кооптонгон нерсени көргөзүүнү (кааладык).
[1] Хаман – бул Фараондун залым вазири.

7 - Al-Qasas (The Stories) - 007

وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰٓ أُمِّ مُوسَىٰٓ أَنۡ أَرۡضِعِيهِۖ فَإِذَا خِفۡتِ عَلَيۡهِ فَأَلۡقِيهِ فِي ٱلۡيَمِّ وَلَا تَخَافِي وَلَا تَحۡزَنِيٓۖ إِنَّا رَآدُّوهُ إِلَيۡكِ وَجَاعِلُوهُ مِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Биз Мусанын апасына (мындай деп) илхам бердик: «Аны эмизе бер. Эгер (аскерлер келип) ага (зыян жетишинен) корксоң (сандыкка салып, Нил) дарыясына агызып жибер. Коркпогун жана кайгырбагын. Биз балаңды сага кайтарып беребиз жана аны пайгамбарлардан кылабыз».

8 - Al-Qasas (The Stories) - 008

فَٱلۡتَقَطَهُۥٓ ءَالُ فِرۡعَوۡنَ لِيَكُونَ لَهُمۡ عَدُوّٗا وَحَزَنًاۗ إِنَّ فِرۡعَوۡنَ وَهَٰمَٰنَ وَجُنُودَهُمَا كَانُواْ خَٰطِـِٔينَ
(Дарыяга агызылганда) аны Фараондун үй-бүлөсү, өздөрүнө душман жана кайгы болушу үчүн таап алды. Чынында, Фараон, Хаман жана экөөсүнүн аскерлери күнөө кылган (жазага ылайык) адамдар эле.

9 - Al-Qasas (The Stories) - 009

وَقَالَتِ ٱمۡرَأَتُ فِرۡعَوۡنَ قُرَّتُ عَيۡنٖ لِّي وَلَكَۖ لَا تَقۡتُلُوهُ عَسَىٰٓ أَن يَنفَعَنَآ أَوۡ نَتَّخِذَهُۥ وَلَدٗا وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Жана Фараондун аялы[1] айтты: «Бул бала мен үчүн да, сен үчүн да көз кубанычы! Аны өлтүрбөй эле койгулачы?! Бизге (чоңойгондо) пайдасы тийэр, же болбосо бала кылып аларбыз». Алар (келечекте эмне болоорун) сезишкен жок.
[1] Бул аял кийинчерээк, ыйман келтирип, Мусага көп камкордук кылган, Аллахтын жалгыз Өзүнө ибадат кылган Асия бинти Мазахим. Ал эринин зулумдугуна каршы болгон.

10 - Al-Qasas (The Stories) - 010

وَأَصۡبَحَ فُؤَادُ أُمِّ مُوسَىٰ فَٰرِغًاۖ إِن كَادَتۡ لَتُبۡدِي بِهِۦ لَوۡلَآ أَن رَّبَطۡنَا عَلَىٰ قَلۡبِهَا لِتَكُونَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Ал эми, Мусанын апасынын көңүлү бошоп (капаланып) калды. Эгер Биз ыймандуулардан болушу үчүн анын жүрөгүн (сабыр) менен байлабаганда, аны (Мусаны) билдирип коюуга аз эле калган.

11 - Al-Qasas (The Stories) - 011

وَقَالَتۡ لِأُخۡتِهِۦ قُصِّيهِۖ فَبَصُرَتۡ بِهِۦ عَن جُنُبٖ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Ал (баласын агызып жиберип) Мусанын эжесине: «Мусаны көзөмөлдөп бар» деди. (Ал жээк менен, акмалап барып, Фараондун үй-бүлөсүнүн кармап алганын көрдү) Ал Мусаны алыстан карап турду. Алар эч нерсени сезбей турушту. (Бөбөктү сарайга алып барышып, энекенин колуна тапшырышып, ага эмизүүчү жалдашты. Бирок…)

12 - Al-Qasas (The Stories) - 012

۞وَحَرَّمۡنَا عَلَيۡهِ ٱلۡمَرَاضِعَ مِن قَبۡلُ فَقَالَتۡ هَلۡ أَدُلُّكُمۡ عَلَىٰٓ أَهۡلِ بَيۡتٖ يَكۡفُلُونَهُۥ لَكُمۡ وَهُمۡ لَهُۥ نَٰصِحُونَ
Биз мындан мурда эле (тагдырда) (апасынан башка) эмизүүчүлөрдү(н көкүрөгүн сорууну) арам кылып койгон элек. (Ошондо Мусанын эжеси келип:) айтты: «Силер үчүн анын кепилдигин ала турган үй-бүлөнү көргөзөйүнбү? Алар буга насаат кылуучу (тарбиячы) болушат».

13 - Al-Qasas (The Stories) - 013

فَرَدَدۡنَٰهُ إِلَىٰٓ أُمِّهِۦ كَيۡ تَقَرَّ عَيۡنُهَا وَلَا تَحۡزَنَ وَلِتَعۡلَمَ أَنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Ошентип, Биз аны менен сүйүнсүн, кайгырбасын жана Аллахтын («кайгыга түшпө. Биз аны сага кайтарып беребиз» деген) убадасы акыйкат экенин билсин үчүн аны апасына кайтардык. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну (Аллахтын даанышмандыгын) билишпейт.

14 - Al-Qasas (The Stories) - 014

وَلَمَّا بَلَغَ أَشُدَّهُۥ وَٱسۡتَوَىٰٓ ءَاتَيۡنَٰهُ حُكۡمٗا وَعِلۡمٗاۚ وَكَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Ал эми Муса эр жетип, (акыл-эси) жеткилең болгондо, Биз ага өкүм жана илим (пайгамбарчылык) бердик. Биз жакшы иш жасоочуларды ушинтип сыйлайбыз.[1]
[1] Уламалар эр кишинин ар тараптан жетилген курагы кырк жаш деп эсептешет. Көпчүлүк пайгамбарларга Илахий илим (пайгамбарлык) отуз менен кырк жаштын аралыгында берилген. Мусага да кырк жашына жеткенде пайгамбарлык берилет.

15 - Al-Qasas (The Stories) - 015

وَدَخَلَ ٱلۡمَدِينَةَ عَلَىٰ حِينِ غَفۡلَةٖ مِّنۡ أَهۡلِهَا فَوَجَدَ فِيهَا رَجُلَيۡنِ يَقۡتَتِلَانِ هَٰذَا مِن شِيعَتِهِۦ وَهَٰذَا مِنۡ عَدُوِّهِۦۖ فَٱسۡتَغَٰثَهُ ٱلَّذِي مِن شِيعَتِهِۦ عَلَى ٱلَّذِي مِنۡ عَدُوِّهِۦ فَوَكَزَهُۥ مُوسَىٰ فَقَضَىٰ عَلَيۡهِۖ قَالَ هَٰذَا مِنۡ عَمَلِ ٱلشَّيۡطَٰنِۖ إِنَّهُۥ عَدُوّٞ مُّضِلّٞ مُّبِينٞ
(Муса пайгамбар боло электе) элдери бейпил-бейкапар убакытта шаарга кирди. Анда эки адамдын мушташып жатканын көрдү. Бирөөсү өз жамаатынан, экинчиси душмандарынан. Өз жамаатынан болгон адам душман жамааттан болгон адамга каршы Мусадан жардам сурады эле, аны бир муштап өлтүрүп койду. (Анан бушайман болуп): «Бул шайтандын ишинен. Ал (инсанга) түбөлүк душман жана азгыруучу!» деди.

16 - Al-Qasas (The Stories) - 016

قَالَ رَبِّ إِنِّي ظَلَمۡتُ نَفۡسِي فَٱغۡفِرۡ لِي فَغَفَرَ لَهُۥٓۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ
(Дагы) айтты: «Оо, Раббим! Мен өзүмө зулумдук кылып алдым! Мени кечире көр! Анан Аллах аны кечирди. Чынында, Бир Өзү гана (күнөөлөрдү) Кечирүүчү, Мээримдүү!

17 - Al-Qasas (The Stories) - 017

قَالَ رَبِّ بِمَآ أَنۡعَمۡتَ عَلَيَّ فَلَنۡ أَكُونَ ظَهِيرٗا لِّلۡمُجۡرِمِينَ
(Дагы) айтты: «Оо, Раббим! Эми, мага жакшылык кылып берген нерселериң (күч-кубат, илим, даанышмандык) менен, эч качан күнөөкөр адамдарга жардамчы болбоймун!».

18 - Al-Qasas (The Stories) - 018

فَأَصۡبَحَ فِي ٱلۡمَدِينَةِ خَآئِفٗا يَتَرَقَّبُ فَإِذَا ٱلَّذِي ٱسۡتَنصَرَهُۥ بِٱلۡأَمۡسِ يَسۡتَصۡرِخُهُۥۚ قَالَ لَهُۥ مُوسَىٰٓ إِنَّكَ لَغَوِيّٞ مُّبِينٞ
Эртеси (эртең менен) шаарда, алаңдап, коркуп бара жатса, капыстан, кече жардам сураган киши (дагы) жардамга чакырып калды. Муса ага: «Сен анык азгырылган (шайтан жолдон урган) адам экенсиң» деди. (Бирок, өз уруусундагы кишини жардамсыз калтырууну каалабады. Жок дегенде ажыратып коеюн деп…)

19 - Al-Qasas (The Stories) - 019

فَلَمَّآ أَنۡ أَرَادَ أَن يَبۡطِشَ بِٱلَّذِي هُوَ عَدُوّٞ لَّهُمَا قَالَ يَٰمُوسَىٰٓ أَتُرِيدُ أَن تَقۡتُلَنِي كَمَا قَتَلۡتَ نَفۡسَۢا بِٱلۡأَمۡسِۖ إِن تُرِيدُ إِلَّآ أَن تَكُونَ جَبَّارٗا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا تُرِيدُ أَن تَكُونَ مِنَ ٱلۡمُصۡلِحِينَ
Экөөсүнө тең душман болгон адамды (Египеттик кишини) күч менен кармоону каалады эле, ал (мени кармайт экен деп ойлоп): «Оо, Муса! Кечээ бир жанды өлтүргөнүң сыяктуу, мени да өлтүрөйүн дедиңби?! Сен жер бетинде зордукчул болууну каалап калгансың го! Сен (абалды) оңдоочулардан болууну каалабайсың!» - деди.

20 - Al-Qasas (The Stories) - 020

وَجَآءَ رَجُلٞ مِّنۡ أَقۡصَا ٱلۡمَدِينَةِ يَسۡعَىٰ قَالَ يَٰمُوسَىٰٓ إِنَّ ٱلۡمَلَأَ يَأۡتَمِرُونَ بِكَ لِيَقۡتُلُوكَ فَٱخۡرُجۡ إِنِّي لَكَ مِنَ ٱلنَّـٰصِحِينَ
Анан шаардын наркы четинен бир адам чуркап келип: «Оо, Муса! (Фараон коомунун) төбөлдөрү сени өлтүрүү жөнүндө кеңешип жатышат. (Шаардан тез) чыгып кет. Мен сага насаат айтуучуларданмын!» – деди.

21 - Al-Qasas (The Stories) - 021

فَخَرَجَ مِنۡهَا خَآئِفٗا يَتَرَقَّبُۖ قَالَ رَبِّ نَجِّنِي مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّـٰلِمِينَ
Муса, тараптарын баамдап, коркуп: «Оо, Раббим! Мени залым коомдордон куткара көр» деген бойдон (шаардан) дароо чыгып кетти.

22 - Al-Qasas (The Stories) - 022

وَلَمَّا تَوَجَّهَ تِلۡقَآءَ مَدۡيَنَ قَالَ عَسَىٰ رَبِّيٓ أَن يَهۡدِيَنِي سَوَآءَ ٱلسَّبِيلِ
Ал Мадян тарапка жөнөгөндө (ээн чөлдө баратып): «Раббим мени туура жолго баштайт чыгаар» – деди.

23 - Al-Qasas (The Stories) - 023

وَلَمَّا وَرَدَ مَآءَ مَدۡيَنَ وَجَدَ عَلَيۡهِ أُمَّةٗ مِّنَ ٱلنَّاسِ يَسۡقُونَ وَوَجَدَ مِن دُونِهِمُ ٱمۡرَأَتَيۡنِ تَذُودَانِۖ قَالَ مَا خَطۡبُكُمَاۖ قَالَتَا لَا نَسۡقِي حَتَّىٰ يُصۡدِرَ ٱلرِّعَآءُۖ وَأَبُونَا شَيۡخٞ كَبِيرٞ
Качан Мадяндын суусуна (кудуктарына) жетип келгенде, анын үстүндө (үймөлөнүшүп, талашып-тартышып, кой эчкилерин) сугарып жаткан эркек кишилерди көрдү. Жана алардын алдында эки кыздын (сууга умтулган койлорун) кайтарып турганын көрдү. «Силерге эмне болду?» деди (Муса). Алар айтышты: «Биз (мына бул эркек) чабандар кайтып кетмейинче сугара албайбыз (аларга аралашуудан ыйба кылабыз). Ал эми, атабыз болсо, картайган чал.

24 - Al-Qasas (The Stories) - 024

فَسَقَىٰ لَهُمَا ثُمَّ تَوَلَّىٰٓ إِلَى ٱلظِّلِّ فَقَالَ رَبِّ إِنِّي لِمَآ أَنزَلۡتَ إِلَيَّ مِنۡ خَيۡرٖ فَقِيرٞ
Анан Муса (чабандарды ары-бери сүрүп) экөөсүнө койлорун сугарып берди.[1] Кийин көлөкөгө кайтып барып: «Оо, Раббим! Өзүң мага түшүргөн кандай жакшылык болбосун, мен ага муктажмын!» – деди.
[1] Эки кыз сүйүнгөн бойдон койлорун айдап кетишкен. Барып, аталарына болгон окуяны айтып беришкен экен, жакшы кишиге ыраазычылык билдирип, акысын берип коеюн деп, бир кызын жибериптир.

25 - Al-Qasas (The Stories) - 025

فَجَآءَتۡهُ إِحۡدَىٰهُمَا تَمۡشِي عَلَى ٱسۡتِحۡيَآءٖ قَالَتۡ إِنَّ أَبِي يَدۡعُوكَ لِيَجۡزِيَكَ أَجۡرَ مَا سَقَيۡتَ لَنَاۚ فَلَمَّا جَآءَهُۥ وَقَصَّ عَلَيۡهِ ٱلۡقَصَصَ قَالَ لَا تَخَفۡۖ نَجَوۡتَ مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّـٰلِمِينَ
Эки кыздан бири анын жанына ыйбаа менен басып келип: «Атам сизди чакырууда, бизге (койлорубузду) сугарып бергениңиздин сыйлыгын бериш үчүн» – деди. Анын алдына барып, ага башынан өткөндөрүн айтып бергенде, ал: «Коркпогун. Сен (Аллах кааласа) залым адамдардан кутулдуң» - деди.[1]
[1] Анткени, Мадян Мисирден алыс жана бул жерге Фараондун өкүмү анча деле таасир этпейт болчу.

26 - Al-Qasas (The Stories) - 026

قَالَتۡ إِحۡدَىٰهُمَا يَـٰٓأَبَتِ ٱسۡتَـٔۡجِرۡهُۖ إِنَّ خَيۡرَ مَنِ ٱسۡتَـٔۡجَرۡتَ ٱلۡقَوِيُّ ٱلۡأَمِينُ
Эки кыздын бири: «Атаке, аны (кой кайтарганга) жалдап алып кал. Чындыгында жалдангандардын эң жакшысы күчтүүсү жана аманаткөйү» – деди.[1]
[1] Бул сөз атага ылайык көрүнүп, Муса менен кеңири сүйлөшүүнү каалады. Анан калса, кызынын да көңүлү бар окшойт бул жигитке…

27 - Al-Qasas (The Stories) - 027

قَالَ إِنِّيٓ أُرِيدُ أَنۡ أُنكِحَكَ إِحۡدَى ٱبۡنَتَيَّ هَٰتَيۡنِ عَلَىٰٓ أَن تَأۡجُرَنِي ثَمَٰنِيَ حِجَجٖۖ فَإِنۡ أَتۡمَمۡتَ عَشۡرٗا فَمِنۡ عِندِكَۖ وَمَآ أُرِيدُ أَنۡ أَشُقَّ عَلَيۡكَۚ سَتَجِدُنِيٓ إِن شَآءَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلصَّـٰلِحِينَ
«Мен сага мына бул эки кызымдан бирин никелеп берүүнү каалаймын - деди (абышка)[1] - анын ордуна сен мага сегиз жыл жалчы болосуң. Эгер он жыл кылып, толуктап койсоң, анда сен тараптан (кошумча жакшылык) болот. Бирок, мен сага машакат жүктөгөндү каалабаймын. Аллах кааласа, жакында менин жакшы адам экенимди билип аласың».
[1] Бул абышканы кээ бир тафсирчи аалымдар Шуайб пайгамбар дешет. Бирок бул туура эмес. Анын Шуайб эместигине далил көп. Бир экөөсү мына бул: Муса пайгамбарлык даражасы боюнча Шуайбдан жогору. Шуайб эч качан Мусаны өзүнө жалчы кылып иштетмек эмес. …Шуайб коомундагы жаман, каапыр адамдар башына балээ түшүп кырылып калган соң жакшы, ынсаптуу, ыймандуу адамдар менен жашап калган. Ал адамдар эч качан картайган пайгамбарын, кыздарына кой кайтартып калган денгээлде кароосуз калтырмак эмес. (Садий)

28 - Al-Qasas (The Stories) - 028

قَالَ ذَٰلِكَ بَيۡنِي وَبَيۡنَكَۖ أَيَّمَا ٱلۡأَجَلَيۡنِ قَضَيۡتُ فَلَا عُدۡوَٰنَ عَلَيَّۖ وَٱللَّهُ عَلَىٰ مَا نَقُولُ وَكِيلٞ
«Бул мени менен сиздин арабыздагы (келишим болсун). Эки мөөнөттүн кай бирин аткарсам да, мага андан да кошумча тоскоолдук болбосун. Мен айткан сөздөргө Аллах Өзү күбө!» - деди (Муса).

29 - Al-Qasas (The Stories) - 029

۞فَلَمَّا قَضَىٰ مُوسَى ٱلۡأَجَلَ وَسَارَ بِأَهۡلِهِۦٓ ءَانَسَ مِن جَانِبِ ٱلطُّورِ نَارٗاۖ قَالَ لِأَهۡلِهِ ٱمۡكُثُوٓاْ إِنِّيٓ ءَانَسۡتُ نَارٗا لَّعَلِّيٓ ءَاتِيكُم مِّنۡهَا بِخَبَرٍ أَوۡ جَذۡوَةٖ مِّنَ ٱلنَّارِ لَعَلَّكُمۡ تَصۡطَلُونَ
Муса мөөнөттү бүтүп, үй-бүлөсү менен жолго чыкты. Тур тоосунун (оң) тарабынан от көрдү жана үй-бүлөсүнө: «(Ушул жерде жылбай) тургула. Мен от көрдүм. Балким андан бир кабар же болбосо (тутантууга) бир тутам чок алып келсем. Жылынып алаар белеңер» деди.

30 - Al-Qasas (The Stories) - 030

فَلَمَّآ أَتَىٰهَا نُودِيَ مِن شَٰطِيِٕ ٱلۡوَادِ ٱلۡأَيۡمَنِ فِي ٱلۡبُقۡعَةِ ٱلۡمُبَٰرَكَةِ مِنَ ٱلشَّجَرَةِ أَن يَٰمُوسَىٰٓ إِنِّيٓ أَنَا ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Отко жакындап барганда, берекеттүү (ыйык) жердеги өрөөндүн оң жагындагы дарак тараптан : «Оо, Муса! Акыйкатта, Мен – ааламдардын Раббиси Аллахмын!» – деген үн чыкты.

31 - Al-Qasas (The Stories) - 031

وَأَنۡ أَلۡقِ عَصَاكَۚ فَلَمَّا رَءَاهَا تَهۡتَزُّ كَأَنَّهَا جَآنّٞ وَلَّىٰ مُدۡبِرٗا وَلَمۡ يُعَقِّبۡۚ يَٰمُوسَىٰٓ أَقۡبِلۡ وَلَا تَخَفۡۖ إِنَّكَ مِنَ ٱلۡأٓمِنِينَ
Таягыңды (жерге) ташта! (Таштаганда анын) тез кыймылдаган жыландай көргөндө, аркасына карабай качып жөнөдү. «Оо, Муса! Бери кел, коркпо! Албетте сен, амандыкта болуучулардансың!

32 - Al-Qasas (The Stories) - 032

ٱسۡلُكۡ يَدَكَ فِي جَيۡبِكَ تَخۡرُجۡ بَيۡضَآءَ مِنۡ غَيۡرِ سُوٓءٖ وَٱضۡمُمۡ إِلَيۡكَ جَنَاحَكَ مِنَ ٱلرَّهۡبِۖ فَذَٰنِكَ بُرۡهَٰنَانِ مِن رَّبِّكَ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِۦٓۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمٗا فَٰسِقِينَ
Колуңду жакаңа (мойнуңдан ылдый) сал, ал эч бир жамандыксыз (ала оорусуна окшобогон) аппак болуп чыгат. Канатыңды (эки колуңду) коркуу (кетүү үчүн) өзүңө (көкүрөгүңө) кысып ал. Ушул экөө (таяк менен ак-нурлуу кол) Фараон жана анын (каапыр) элине (аларды ишендирүү үчүн) Раббиң тарабынан (сага берилген) далилдер». Чынында алар бузулган адамдар.

33 - Al-Qasas (The Stories) - 033

قَالَ رَبِّ إِنِّي قَتَلۡتُ مِنۡهُمۡ نَفۡسٗا فَأَخَافُ أَن يَقۡتُلُونِ
(Муса) айтты: «Оо, Раббим! Мен алардан бир жанды өлтүрүп койгонмун. Эми мени да өлтүрүп коюууларынан коркомун.

34 - Al-Qasas (The Stories) - 034

وَأَخِي هَٰرُونُ هُوَ أَفۡصَحُ مِنِّي لِسَانٗا فَأَرۡسِلۡهُ مَعِيَ رِدۡءٗا يُصَدِّقُنِيٓۖ إِنِّيٓ أَخَافُ أَن يُكَذِّبُونِ
Менин бир тууганым Харун, ал мага караганда тагыраак сүйлөйт. Аны мага жардамчы-пайгамбар кылып бер. Мени тастыктап турат. (Анткени,) алар мени жалганга чыгарууларынан коркомун».

35 - Al-Qasas (The Stories) - 035

قَالَ سَنَشُدُّ عَضُدَكَ بِأَخِيكَ وَنَجۡعَلُ لَكُمَا سُلۡطَٰنٗا فَلَا يَصِلُونَ إِلَيۡكُمَا بِـَٔايَٰتِنَآۚ أَنتُمَا وَمَنِ ٱتَّبَعَكُمَا ٱلۡغَٰلِبُونَ
(Аллах) айтты: «Биз сени бир тууганың менен кубаттандырабыз жана экөөңө ушундай бийлик беребиз, алар экөөңө (жамандык менен) жете албай калышат. Биздин аяттарыбыз менен сен экөөң жана экөөңө ээрчигендер жеңүүчү болосуңар».

36 - Al-Qasas (The Stories) - 036

فَلَمَّا جَآءَهُم مُّوسَىٰ بِـَٔايَٰتِنَا بَيِّنَٰتٖ قَالُواْ مَا هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّفۡتَرٗى وَمَا سَمِعۡنَا بِهَٰذَا فِيٓ ءَابَآئِنَا ٱلۡأَوَّلِينَ
Эми, качан гана Муса Биздин анык баян-далилдерибиз менен аларга келгенде (жана жылан-далил менен кол-далилди көргөзгөндө): «Бул ойдон чыгарылган сыйкырдан башка нерсе эмес. Биз мындайды абалкы ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз» – дешти.

37 - Al-Qasas (The Stories) - 037

وَقَالَ مُوسَىٰ رَبِّيٓ أَعۡلَمُ بِمَن جَآءَ بِٱلۡهُدَىٰ مِنۡ عِندِهِۦ وَمَن تَكُونُ لَهُۥ عَٰقِبَةُ ٱلدَّارِۚ إِنَّهُۥ لَا يُفۡلِحُ ٱلظَّـٰلِمُونَ
(Муса) айтты: «Өзүнүн алдынан ким туура жол алып келгенин жана акыбет (бейиш) коргону кимдер үчүн болушун Раббим жакшыраак билет. (Силерге окшогон) залимдер эч качан (тозок азабынан) кутулушпайт!».

38 - Al-Qasas (The Stories) - 038

وَقَالَ فِرۡعَوۡنُ يَـٰٓأَيُّهَا ٱلۡمَلَأُ مَا عَلِمۡتُ لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرِي فَأَوۡقِدۡ لِي يَٰهَٰمَٰنُ عَلَى ٱلطِّينِ فَٱجۡعَل لِّي صَرۡحٗا لَّعَلِّيٓ أَطَّلِعُ إِلَىٰٓ إِلَٰهِ مُوسَىٰ وَإِنِّي لَأَظُنُّهُۥ مِنَ ٱلۡكَٰذِبِينَ
Фараон айтты: «Эй, төбөлдөр! Мен силер үчүн Өзүмдөн башка кудай бар экенин билбеймин. Эй, Хаман! Ылайга оттон жагып (бышык кыш жасап) мага (бийик) мунара куруп бергиниң. Балким, ошого чыгып Мусанын (асмандагы) Кудайын көрөрмүн! Мен Мусаны анык эле жалганчылардан деп эсептеймин».

39 - Al-Qasas (The Stories) - 039

وَٱسۡتَكۡبَرَ هُوَ وَجُنُودُهُۥ فِي ٱلۡأَرۡضِ بِغَيۡرِ ٱلۡحَقِّ وَظَنُّوٓاْ أَنَّهُمۡ إِلَيۡنَا لَا يُرۡجَعُونَ
Фараон менен анын желдеттери жер бетинде акыйкатсыздык менен аша чаап текеберленишти. Жана өздөрүн Бизге кайтып келбейт деп ойлошту.

40 - Al-Qasas (The Stories) - 040

فَأَخَذۡنَٰهُ وَجُنُودَهُۥ فَنَبَذۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡيَمِّۖ فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلظَّـٰلِمِينَ
Анан Биз аны жана анын желдеттерин (азап менен) кармап, деңизге чөктүрүп жибердик! Залымдардын акыбети кандай болгонун көрүп ал.

41 - Al-Qasas (The Stories) - 041

وَجَعَلۡنَٰهُمۡ أَئِمَّةٗ يَدۡعُونَ إِلَى ٱلنَّارِۖ وَيَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ لَا يُنصَرُونَ
Биз аларды (каапырларды) тозокко чакыра турган жол башчылар кылдык.[1] Жана алар кыямат күнү эч кимден жардам ала алышпайт!
[1] Алардын деңиз толкундарынын койнунда аянычтуу өлүп кетүүлөрү ушул дүйнөлүк жаза. Ал эми, акыреттеги жаза мындан да оор болот.

42 - Al-Qasas (The Stories) - 042

وَأَتۡبَعۡنَٰهُمۡ فِي هَٰذِهِ ٱلدُّنۡيَا لَعۡنَةٗۖ وَيَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ هُم مِّنَ ٱلۡمَقۡبُوحِينَ
Биз аларга ушул дүйнөдө наалат-каргыш ээрчитип койдук. Кыямат күндө да алар жийиркеничтүү адамдардан болот.

43 - Al-Qasas (The Stories) - 043

وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ مِنۢ بَعۡدِ مَآ أَهۡلَكۡنَا ٱلۡقُرُونَ ٱلۡأُولَىٰ بَصَآئِرَ لِلنَّاسِ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٗ لَّعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ
Жана Биз Мусага Китепти (Тооратты) адамдар үчүн ырайым, туура жол жана (акыйкатты көрсөтүүчү) нур кылып бердик, абалкы муундарды (жалпысынан) кыйратканыбыздан кийин.[1] Кана эми, (адамдар) сабак алышса!
[1] Бул аяттагы «Китепти ... абалкы муундарды (жалпысынан) кыйратканыбыздан кийин бердик» деген сөзгө таянып, уламалар «Тоорат түшкөндөн баштап, пайгамбарларды жалганчы кылган элдерге жалпы кыйратуучу азаптын түшүүсү токтогон. Анын ордуна Аллах ыймандуу пенделерге жихад амалын парыз кылган» дешет.

44 - Al-Qasas (The Stories) - 044

وَمَا كُنتَ بِجَانِبِ ٱلۡغَرۡبِيِّ إِذۡ قَضَيۡنَآ إِلَىٰ مُوسَى ٱلۡأَمۡرَ وَمَا كُنتَ مِنَ ٱلشَّـٰهِدِينَ
(Оо, Мухаммад!) Биз Мусага ишти (динди) өкүм кылган мезгилде сен (Тур тоосунун) батыш тарабында жок болчусуң. Жана сен (Биздин Мусага сүйлөгөнүбүздө) күбө да болгон эмессиң.[1]
[1] Анда, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам Мусага вахий түшкөн окуяларды: Мадяндан кайтканын, отту көргөнүн, Аллах менен сүйлөшкөнүн жана башка аңгемелерин кайдан билди? Ооба. Аллах ага да вахий түшүрүп, Өзү билдирди.

45 - Al-Qasas (The Stories) - 045

وَلَٰكِنَّآ أَنشَأۡنَا قُرُونٗا فَتَطَاوَلَ عَلَيۡهِمُ ٱلۡعُمُرُۚ وَمَا كُنتَ ثَاوِيٗا فِيٓ أَهۡلِ مَدۡيَنَ تَتۡلُواْ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتِنَا وَلَٰكِنَّا كُنَّا مُرۡسِلِينَ
Бирок (андан кийин) Биз эл-улуттарды жараттык. Алар (бири өткөндөн соң экинчиси келип) көп-көп өмүр сүрүштү. Сен (оо, Мухаммад!) Мадян элинин арасында туруп, аларга Биздин аяттарыбызды окуп берген да эмес болчусуң. Бирок, Биз сени пайгамбар кылган элек. (Ошондуктан, Биз үйрөткөн вахийден улам Мадян окуясын адамдарга айтып жатасың)

46 - Al-Qasas (The Stories) - 046

وَمَا كُنتَ بِجَانِبِ ٱلطُّورِ إِذۡ نَادَيۡنَا وَلَٰكِن رَّحۡمَةٗ مِّن رَّبِّكَ لِتُنذِرَ قَوۡمٗا مَّآ أَتَىٰهُم مِّن نَّذِيرٖ مِّن قَبۡلِكَ لَعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ
Жана Биз (Мусага) сүйлөгөнүбүздө сен Тур тоосунун жанында жок болчусуң. Бирок, сенден мурун (алыс жылдар бою) аларга эскертүүчү - пайгамбар келбей калган коомго (Курайш арабдарына) эскертүү беришиң үчүн, Раббиң тарабынан ырайым-боорукерлик иретинде (сага ошол окуялар билдирилди). Кана эми, алар эскеришсе!

47 - Al-Qasas (The Stories) - 047

وَلَوۡلَآ أَن تُصِيبَهُم مُّصِيبَةُۢ بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيهِمۡ فَيَقُولُواْ رَبَّنَا لَوۡلَآ أَرۡسَلۡتَ إِلَيۡنَا رَسُولٗا فَنَتَّبِعَ ءَايَٰتِكَ وَنَكُونَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Өз колдору менен жасаган кылмыштары себептүү аларга бир кайгы жеткенде «Оо, Рабби! Эгерде бизге бир элчи-пайгамбар жибергениңде, аяттарыңа ээрчимекпиз жана момундардан болмокпуз» деп айтышмак.

48 - Al-Qasas (The Stories) - 048

فَلَمَّا جَآءَهُمُ ٱلۡحَقُّ مِنۡ عِندِنَا قَالُواْ لَوۡلَآ أُوتِيَ مِثۡلَ مَآ أُوتِيَ مُوسَىٰٓۚ أَوَلَمۡ يَكۡفُرُواْ بِمَآ أُوتِيَ مُوسَىٰ مِن قَبۡلُۖ قَالُواْ سِحۡرَانِ تَظَٰهَرَا وَقَالُوٓاْ إِنَّا بِكُلّٖ كَٰفِرُونَ
Эми качан аларга (сен аркылуу) Биздин акыйкатыбыз келгенде: «Кана эле, эгер бизге да Мусага берилген сыяктуу берилсе»[1] дешет. Алар мындан мурун Мусага берилген Тооратка да каапыр болушпады беле?! «Экөө (Куран менен Тоорат) бири-бирине жардам берүүчү эки сыйкыр» – дешкен. Дагы айтышты: «Биз бардыгына ишенбейбиз!».
[1] Алардын кезектеги шылтоосу ушул: «Эгер Куран дагы бөлүк-бөлүк болбой, Мусага берилген Тоорат сыяктуу бүтүн абалда түшсө ыйман келтирмекпиз» - дешет.

49 - Al-Qasas (The Stories) - 049

قُلۡ فَأۡتُواْ بِكِتَٰبٖ مِّنۡ عِندِ ٱللَّهِ هُوَ أَهۡدَىٰ مِنۡهُمَآ أَتَّبِعۡهُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
(Аларга) айт: «Анда өзүңөр Аллахтын алдынан экөөсүнөн туурараак бир китеп алып келгиле, мен ошого ээрчийин, эгер чынчыл болсоңор».

50 - Al-Qasas (The Stories) - 050

فَإِن لَّمۡ يَسۡتَجِيبُواْ لَكَ فَٱعۡلَمۡ أَنَّمَا يَتَّبِعُونَ أَهۡوَآءَهُمۡۚ وَمَنۡ أَضَلُّ مِمَّنِ ٱتَّبَعَ هَوَىٰهُ بِغَيۡرِ هُدٗى مِّنَ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّـٰلِمِينَ
Эгер сага жооп беришпесе, билгин, алар өз напси-каалоолоруна ээрчип жатышат. Аллах тарабынан келген туура жолго ээрчибей, өз напсинин каалосуна ээрчиген адамдардан көбүрөөк адашкан киши бар бекен?! Аллах, албетте залим коомдорду туура жолго баштабайт!

51 - Al-Qasas (The Stories) - 051

۞وَلَقَدۡ وَصَّلۡنَا لَهُمُ ٱلۡقَوۡلَ لَعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ
Биз Сөздү (Куранды) аларга бирин-бирине улап (бөлүп-бөлүп, чечмелеп) жеткирдик. Кана эми акыл насаат алышса!

52 - Al-Qasas (The Stories) - 052

ٱلَّذِينَ ءَاتَيۡنَٰهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ مِن قَبۡلِهِۦ هُم بِهِۦ يُؤۡمِنُونَ
Курандан мурун Биз Китеп (Тоорат жана Инжил) берген элдер ага (Куранга) ыйман келтиришет.

53 - Al-Qasas (The Stories) - 053

وَإِذَا يُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ قَالُوٓاْ ءَامَنَّا بِهِۦٓ إِنَّهُ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّنَآ إِنَّا كُنَّا مِن قَبۡلِهِۦ مُسۡلِمِينَ
Жана эгер аларга Куран окуп берилчү болсо; «Биз буга ыйман келтирдик. Бул чынында Жаратканыбыздан келген акыйкат. Биз мындан мурун да Аллахка моюн сунуучу (мусулман) болгонбуз» дешти.[1]
[1] Курайш мушриктери эгер Куранга ишенбеген болсо, Тоорат окуган еврейлер менен Инжил окуган христиандардан кээ бирөөлөрү Куранга ыйман келтиришкен. Анткени, алар өздөрүнүн ыйык китептеринде Куран жөнүндө алдын ала айтылган кабарларды окушкан. Ал эми, бардык пайгамбарларга түз-туура ээрчиген адамдар Ислам динине чейин деле мусулмандар болушкан.

54 - Al-Qasas (The Stories) - 054

أُوْلَـٰٓئِكَ يُؤۡتَوۡنَ أَجۡرَهُم مَّرَّتَيۡنِ بِمَا صَبَرُواْ وَيَدۡرَءُونَ بِٱلۡحَسَنَةِ ٱلسَّيِّئَةَ وَمِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ يُنفِقُونَ
Алар эки эсе сооп ала турган адамдар.[1] Себеби, алар сабыр кылышты, күнөө иштерди сооп иштер менен өчүрүп турушту жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден (жакшылыктарга) сарпташты.
[1] Өздөрүнүн пайгамбарларына жана китептерине ишенгендери үчүн бир сооп, ал эми, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам менен Куранга ишенгендери үчүн экинчи сооп.

55 - Al-Qasas (The Stories) - 055

وَإِذَا سَمِعُواْ ٱللَّغۡوَ أَعۡرَضُواْ عَنۡهُ وَقَالُواْ لَنَآ أَعۡمَٰلُنَا وَلَكُمۡ أَعۡمَٰلُكُمۡ سَلَٰمٌ عَلَيۡكُمۡ لَا نَبۡتَغِي ٱلۡجَٰهِلِينَ
Жана пайдасыз сөздөрдү укканда, ага көңүл бурушпай: «Бизге өз ишибиз, силерге өз ишиңер. Силерге салам болсун! Жана Биз наадандардан болууну каалабайбыз» дешти.[1]
[1] Аларга кээ бир мушриктер жолугуп, азгырууга аракет жасаганда ошентишкен.

56 - Al-Qasas (The Stories) - 056

إِنَّكَ لَا تَهۡدِي مَنۡ أَحۡبَبۡتَ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يَهۡدِي مَن يَشَآءُۚ وَهُوَ أَعۡلَمُ بِٱلۡمُهۡتَدِينَ
(Оо, Мухаммад!) Сен өзүң сүйгөн адамдарды туура жолго баштай албайсың. Бирок, Аллах гана Өзү каалаган адамын туура жолго баштайт. Туура жолго ким түшөөрүн Анын Өзү жакшы билет.

57 - Al-Qasas (The Stories) - 057

وَقَالُوٓاْ إِن نَّتَّبِعِ ٱلۡهُدَىٰ مَعَكَ نُتَخَطَّفۡ مِنۡ أَرۡضِنَآۚ أَوَلَمۡ نُمَكِّن لَّهُمۡ حَرَمًا ءَامِنٗا يُجۡبَىٰٓ إِلَيۡهِ ثَمَرَٰتُ كُلِّ شَيۡءٖ رِّزۡقٗا مِّن لَّدُنَّا وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Алар (мушриктер): «Эгер биз сени менен бирге туура жолго ээрчисек, жерибизден ажырап калабыз» – дешти.[1] Биз аларды (Ибрахим негиздеген) ыйык жерге жашатып койбодукбу? Ал шаарга түрдүү-түмөн мөмөлөр Бизден ырыскы болуп келет го! Бирок, алардан көпчүлүгү (муну) билишпейт.
[1] Анткени, Ислам жаңы келгенде Мекке коомчулугу түп көтөрүлө ага каршы чыгышкан. «Кимде-ким мусулман болсо, аны куугун-сүргүн кылабыз!» деп коркутушкан.

58 - Al-Qasas (The Stories) - 058

وَكَمۡ أَهۡلَكۡنَا مِن قَرۡيَةِۭ بَطِرَتۡ مَعِيشَتَهَاۖ فَتِلۡكَ مَسَٰكِنُهُمۡ لَمۡ تُسۡكَن مِّنۢ بَعۡدِهِمۡ إِلَّا قَلِيلٗاۖ وَكُنَّا نَحۡنُ ٱلۡوَٰرِثِينَ
Биз жашоосунда кесирлик кылып,чектен чыккан нечендеген шаарларды кырып-жоюп салдык! Мына, алардын мекендери! Алардан кийин бир аз эле адамдарды айтпаганда, эч ким жашабай (ойрону чыгып) жатат! Аларга Биз мураскор болдук![1]
[1] Курган сарайлары, жыйнаган мүлк-дүйнөсү ардактаган перзенттерине калбады. Перзенттери менен кошо опат болушту. Бардыгы Аллах таалага калды!

59 - Al-Qasas (The Stories) - 059

وَمَا كَانَ رَبُّكَ مُهۡلِكَ ٱلۡقُرَىٰ حَتَّىٰ يَبۡعَثَ فِيٓ أُمِّهَا رَسُولٗا يَتۡلُواْ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتِنَاۚ وَمَا كُنَّا مُهۡلِكِي ٱلۡقُرَىٰٓ إِلَّا وَأَهۡلُهَا ظَٰلِمُونَ
Сенин Раббиң эч бир негизги шаарларды(н элинин) арасына Биздин аяттарыбызды окуп берүүчү бир пайгамбар жибермейинче кыйратпайт. Биз элдери (ошол пайгамбарга баш ийбей) залим болгон шаарларды гана кыйратуучубуз.

60 - Al-Qasas (The Stories) - 060

وَمَآ أُوتِيتُم مِّن شَيۡءٖ فَمَتَٰعُ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَزِينَتُهَاۚ وَمَا عِندَ ٱللَّهِ خَيۡرٞ وَأَبۡقَىٰٓۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Силерге (бул жашоодо) берилген нерселер дүйнө жашоосунун пайдалары жана кооздуктары гана. Ал эми Аллахтын алдындагы нерсе (бейиш) жакшы жана түбөлүктүү. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!

61 - Al-Qasas (The Stories) - 061

أَفَمَن وَعَدۡنَٰهُ وَعۡدًا حَسَنٗا فَهُوَ لَٰقِيهِ كَمَن مَّتَّعۡنَٰهُ مَتَٰعَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا ثُمَّ هُوَ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ مِنَ ٱلۡمُحۡضَرِينَ
Биз ага сонун жашоону (бейишти) убада кылган жана ага (сөзсүз) жетүүчү киши бул дүйнөдө Биз ага пайдаларды (аябай) берип, кийин кыямат күндө (тозок алдына) алып келинген кишиге окшойбу?!

62 - Al-Qasas (The Stories) - 062

وَيَوۡمَ يُنَادِيهِمۡ فَيَقُولُ أَيۡنَ شُرَكَآءِيَ ٱلَّذِينَ كُنتُمۡ تَزۡعُمُونَ
Ал күндө (Аллах) аларга айтат: «Силер

Scroll to Top