Эркек киши эркек кишинин авретине карабайт. Аял киши да аял кишинин авретине карабайт
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Эркек киши эркек кишинин авретине карабайт. Аял киши да аял кишинин авретине карабайт. Бир эркек киши башка эркек киши менен, аял киши да башка аял киши менен бир жамынчыга оронуп жылаңачтанып жатпайт".
Explanation
Аврет: бул ачылып калса уяла турган мүчөлөр. Эркектин аврети киндигинен тизесине чейин. Ал эми аял киши бөтөн эркектин алдында бүт денеси аврет. А, аялдардын жана өзүнө махрам болгон эркектердин алдында адатта үйдө иштеп жүргөн учурда көрүнүүгө уруксат болгон жеринен башка жерлери аврет.
Ошондой эле пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркек киши эркек киши менен бир кийимдин же бир жамынчынын астында жылаңачтанган абалда калуусунан тыйган. Аял киши аял киши менен бир кийимдин же бир жамынчынын астында жылаңачтанган абалда калуусунан тыйган. Анткени, мындайда алар бири-биринин авретине кол тийгизип алуусу мүмкүн. Авретти кармоо, аны кароодой эле тыюу салынган арам иш. Балким, кармоо кароого караганда катуурак тыйылган, анткени бул чоң бузукулукка түртөт.
Benefits
Ислам дини коомдун тазалыгына жана бузук ишке алып бара турган бардык эшиктерди жабууга кызыкдар.
Дарылоо сыяктуу зарыл учурларда авретти кумарланбастан кароого уруксат.
Мусулман адам өзүнүн авретин жабууга жана башкалардын авретинен көзүн сактоого буйрулган.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркек эркектин, аял аялдын деп өз-өзүнчө айтканы, булар бири-бирине кароого жана авреттерин ачык коюуга көп маани беришпейт.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

