Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кокустан арамга көз салып алуу тууралуу сурадым. Ал көзүмдү дароо буруп кетүүгө буйруду
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Жарир бин Абдуллах (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кокустан арамга көз салып алуу тууралуу сурадым. Ал көзүмдү дароо буруп кетүүгө буйруду.
Explanation
Benefits
Кароого тыюу салынган нерсеге кокустан көз түшүп калса, аны көпкө тигилип карап туруп алуудан тыйган.
Бөтөн аялга тигиле кароонун арамдыгы сахабалардын арасында калыптанган тыюу болгон. Буга Жарир бин Абдуллахтын (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бөтөн аялга атайлабастан көз салып алгандын өкүмү атайлап карагандын өкүмүндөйбү деп сураганы далил.
Хадистен шарият адамдардын оңолуусуна кам көрөрүн байкайбыз. Анткени анда бөтөн аялга кароодон тыйып арам кылып жатат. Бөтөн аялга кароо адамдардын дүйнө жашоосуна да, акыретине да зыянын тийгизе турган бузук иш.
Сахабалар өздөрүнө шек-күмөн жараткан маселе пайда болсо, дароо пайгамбарыбызга барып сурачу. Жалпы карапайым эл шек-күмөндүү иштерди аалымдарга барып сурап билип алуусу зарыл.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

