Бул дүйнө жашоосунда жат жерлик адамдай же жолоочу сыяктуу бол!
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абдулла бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени ийнимден кармап мындай деди: "Бул дүйнө жашоосунда жат жерлик адамдай же жолоочу сыяктуу бол!" Ибн Умар: Эгер кечке жетсең, таңды күтпөгүн. Таңга жетсең, кечти күтпөгүн. Ооруп калганга чейин ден соолугуңду пайдалан. Өлүм келгенге чейин тирүүлүгүңдү пайдалан - деп айтчу.
Explanation
Ибн Умар бул насаатка амал кылып аны иш жүзүндө аткарып: Таңды аттырсаң, кечти, кечти киргизсең таңды күтпөгүн. Өзүңдү кабырдагылардын биримин деп эсепте (ошого даярдан). Анткени, өмүрдө ооруу-сыркоо деген болот - дечү. Ооруп калганга чейин дени карды соо күндөрүңдө ибадат кылып кал. Тирүүлүгүңдү пайдаланып, өлгөндөн кийин пайдасы тие турган амалдарды аткарып кал.
Benefits
Шариятта өзү талап кылбаган адамга да насаат айтып, туура жол көрсөтүүгө уруксат берилет.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң сонун таалим-тарбия ыкмасы анын: “Бул дүйнөдө чоочун же жолоочу сыяктуу бол” деген сөздөрүндөй ынандырарлык мисалдарды келтирүү болгон.
Адамдардын акыретке болгон сапары ар түрдүү болот: бөтөн жерлик адамга караганда жолоочу адамдын даражасы жогору турат.
Үммүттү кыска кылуу жана өлүмгө даярдануу зарыл.
Хадис ырыскы талап кылуудан жана дүйнө жашоосунун ырахаттарынан баш тартууга үндөбөйт. Болгону, дүйнөгө берилип кетпөөгө жана азайтууга кызыктырат.
Жакшы амалдарды аткарууга шашылуу зарыл. Анткени, ооруу же өлүм келип калса аткарууга шарт болбой калат.
Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул насаатты угуп таасирленген Абдуллах бин Умардын (аларга Аллах ыраазы болсун) артыкчылыгы.
Ыймандуулардын турагы бейиш. Ал бул дүйнөдө бөтөн жерлик, акыретке сапар кылып бара жатат. Бөтөн бирөөнүн жерине бир нерсени жүрөгүнө киригизип албайт. Анын жүрөгү кайтып бара турган мекенине байланган. Анын бул дүйнөдө турушу, убактылуу гана милдеттерин бүтүрүп, мекенине кайтууга даярдануусу үчүн.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

