Бейиш тургундары бейишке киргенден кийин Улуу Аллах Таала: "Дагы бир нерсени каалайсыңарбы, кошумча кылып берейин?
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Сухайб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Бейиш тургундары бейишке киргенден кийин Улуу Аллах Таала: "Дагы бир нерсени каалайсыңарбы, кошумча кылып берейин?" - дейт. Бейиш ээлери: "Сен биздин жүзүбүздү агартпадыңбы? Бейишке киргизбедиңби? Тозоктон куткарбадыңбы?" - дешет. Ошондо Аллах Таала көшөгөнү ачат, аларга Раббисинин жамалын көрүүдөн артык сүйүктүү нерсе берилген эмес эле".
Explanation
Силерге дагы бир нерсени кошумча кылып берүүмдү каалайсыңарбы?
Бейиш тургундарынын баары: Биздин жүзүбуздү ак кылбадыңбы, бейишке киргизбедиңби, тозоктон куткарбадыңбы? дешет.
Аллах Таала тосмону алып өйдө көтөрөт: анын тосмосу нур, аларга Раббисинин жамалын көрүүдөн өткөн жакшы нерсе берилген эмес.
Benefits
Бейиштеги нээмат жакшылыктардын эң чоңу ыймандуулардын Раббисин көрүүсү.
Бейиш тургундарынын даражалары ар түрдүү болсо да, баары Раббилеринин жамалын көрүшөт.
Ыймандууларды бейишке киргизгени Аллах Тааланын берешендигинен.
Жакшы амалдарды аткаруу, Аллахка жана Анын элчисине баш ийүү менен бейишке шашылуунун зарылдыгы.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

