Кыямат күнү бир киши алып келинип тозокко ташталат. Анын ичеги-карды чубалып калат. Анан ал эшек тегирмендин ташын айлантып тегеренген сыяктуу ичеги-кардын айланып калат
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Усама бин Зайддын (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, ага бирөөлөр: Сен Усманга кирип сүйлөшпөйсүңбү? - дешет. Ал: Силер укпасаңар эле мен сүйлөшпөгөн боломбу? Аллахка ант болсун, мен аны менен бетме-бет сүйлөштүм. (Башчыга ар ким доомат артып кире бере турган) эшикти биринчи ачкан киши болуудан корком. Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү хадисти уккандан кийин, башчы болгон адамдардын эч бирин адамдардын жакшысы деп айтпайм. "Кыямат күнү бир киши алып келинип тозокко ташталат. Анын ичеги-карды чубалып калат. Анан ал эшек тегирмендин ташын айлантып тегеренген сыяктуу ичеги-кардын айланып калат. Анын айланасына тозоктун тургундары чогулат. Анан: Эй, баланча! Сага эмне болду!? Сен башкаларды жашылыкка чакырып, жамандыктан тыят элең го? - деп сурашат. Ал айтат: Ооба, чындап башкаларды жакшылыкка чакырчумун, бирок өзүм аткарчу эмесмин. жамандыктан кайтарчумун, бирок өзүм кыла берчүмүн".
Explanation
Андан кийин Усама (ага Аллах ыраазы болсун): ал амирлерге жашыруун насаат кыларын, падышага да кошомат кылбастыгын, аларды жалгандан беттерине мактабастыгын айтат. Анткени ал пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана макоосу болсун) минтип айтканын уккан: кыямат күнү бир кишини алып келип, тозокко ташташат. Азаптын оордугунан жана ысыктын катуулугунан анын ичеги-карды дароо эле чубалып калат. Анан ал тегирмендин ташын айланып тегеренген эшек сыяктуу өзүнүн ичеги-кардын тегерене баштайт. Анын айланасына тозоктун тургундары чогулуп: "Эй, баланча, сен башкаларды жакшлыкка буйруп, жамандыктан тыят элең го?!" - деп сурашат.
Ал минтип айтат: Мен башкаларды жакшылыкка буйруйт элем, бирок өзүм аткарбайт элем. Жамандыктан тыят элем, бирок өзүм аткара берет элем.
Benefits
Айткан сөзүнө кылган иши төп келбегендерге катуу азап убада кылынган.
Башчыларга жумшак мамиле кылып, аларды жакшылыкка үндөп, жамандыктан кайтаруунун адеби ушундай.
Башчынын алдында аны жалган мактоо, ага кошомат кылуу жана анын жашыруун ишин ачыкка чыгаруу жакшы эмес.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

