Улуу Аллах Таала бейиш тургундарына: "Эй, бейиш тургундары!" - деп кайрылат. Алар: "О, Раббибиз, Сенин кызматыңа даярбыз" - дешет. Аллах Таала: "Ыраазы бодуңарбы?" - деп сурайт. Алар: "Биз кантип ыраазы болбойбуз, Сен бизге башка эч бир калайыкка бербеген нерсени бердиң" - дешет. Аллах Таала: "Мен силерге мындан да жакшыны берем" - дейт. Алар: "О, Рабби, мындан да жакшы нерсе болмок беле?
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Саид Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Улуу Аллах Таала бейиш тургундарына: "Эй, бейиш тургундары!" - деп кайрылат. Алар: "О, Раббибиз, Сенин кызматыңа даярбыз" - дешет. Аллах Таала: "Ыраазы бодуңарбы?" - деп сурайт. Алар: "Биз кантип ыраазы болбойбуз, Сен бизге башка эч бир калайыкка бербеген нерсени бердиң" - дешет. Аллах Таала: "Мен силерге мындан да жакшыны берем" - дейт. Алар: "О, Рабби, мындан да жакшы нерсе болмок беле?"- дешет. Аллах Таала: "Мен силерге ыраазы болдум. Мындан кийин силерге такыр ачууланбаймын" - дейт.
Explanation
Benefits
Аллах Таала бейиш тургундарына ыраазы болгондугун, мындан кийин аларга такыр ачууланбастыгын айтып сүйүнчүлөйт.
Бейиш тургундары андагы ар түрдүү орундарына, ар түрдүү даражаларына карабастан, баары бирдей ыраазы болушат. Аллах Тааланын суроосуна алардын баары бир ооздон: "Башка эч бир калайыкка бербеген нерсени бизге бердиң" деп ыраазылыгын билдирип жооп беришкен.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

