Эй, бала! Мен сага ушундай (пайдалуу) сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сактайт. Аллахтын (дайыма шариятын) сактап жүр! Мына ошондо Аллах сени бардык жакшылыктарга жолдогонун көрөсүң. Эгерде сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. А эгер жардам сурасаң, анда Аллахтан жардам сура
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Аббас, Абдулла бин Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир күнү Аллахтын элчиси минген улоого учкашып бара жатсам, ал мындай деди: «Эй, бала! Мен сага ушундай (пайдалуу) сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сактайт. Аллахтын (дайыма шариятын) сактап жүр! Мына ошондо Аллах сени бардык жакшылыктарга жолдогонун көрөсүң. Эгерде сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. А эгер жардам сурасаң, анда Аллахтан жардам сура. Билип ал! Эгерде бүткүл үммөт сага пайда берүү үчүн бириксе да, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле үммөттүн баары сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Калемдер көтөрүлгөн, барактар кургаган». Тирмизиден башка риваяттарда минтип айтылган: "Аллахтын динин сакта, ошондо Аны бет алдыңдан табасың. Бардар жашоодо Аллахты эсте, ошондо кыйынчылыкта Аллах сени эстейт. Сени кыйгап өткөн нерсе сага тиймек эмес. Сага тийген нерсе сени кыйгап өтмөк эмес. Билип ал, жеңиш сабыр менен келет. Ийгилик кыйынчылык менен коштолот. Кыйынчылыктын артында жыргалчылык болот.
Explanation
Benefits
Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлык болот же жаза болот.
Иштер Аллахка таянуу менен жана Ага гана таваккүль кылуу менен болот. Ал эң жакшы Кепилдике Алуучу.
Тагдырга жана тагдырдын ишке ашуусуна ыйман келтирүү жана ага ыраазы болуу. Чындыгында, Аллах Таала бардык нерсени тагдыр кылган.
Ким Аллахтын буйругунда кемчилик кетирсе, анда Аллах аны адаштырат жана аны сактабайт.
Эгер инсандын башына мүшкүл, кыйынчылык келсе, анын артынан жеңилдикти күтсүн деген чоң сүйүнчү кабар айтылган.
Пенденин башына балээ түшкөндө жана жакшы көргөнүнөн ажыраганда көңүл жубатуу айтылган: "Билип ал, сенин башыңа келген нерсе, сенден өтүп кетмек эмес. Сенден өтүп кеткен нерсе, сенин башыңа келмек эмес". Биринчи сүйлөм кыйынчылыктан сооротуу, экинчиси жакшы көргөнүнөн ажыраганда сооротуу.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

