Ким чын жүрөгү менен: "Лаа илааха иллаллооху, ва анна Мухамммадан аъбдуху ва расуулух" - деп күбөлүк берсе, Аллах анын тозокко кирүүсүн арам кылат
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муазды улоосуна учкаштырып баратып: "Муаз бин Жабал!" - деди. Ал: "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди. "Муаз!" - деди дагы. "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди ал. Ушунтип үч жолу айткандан кийин: " Ким чын жүрөгү менен: "Лаа илааха иллаллооху, ва анна Мухамммадан аъбдуху ва расуулух" - деп күбөлүк берсе, Аллах анын тозокко кирүүсүн арам кылат" - деди. "О, Аллахтын элчиси, муну адамдарга айтып сүйүнчүлөйүнбү?" - деди Муаз. "Андай кылсаң, ушуга таянып алышат" - деди. Бул хадисти Муаз өлөр алдында хадисти айтпай жашырып кетүүдөн корккону үчүн айтты.
Explanation
Анын ар бир чакырыгына Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) "Лаббайка, я расуулуллоохи, ва саъдайка" деп "Сизге кайра-кайра жооп кайтарууга даярмын, о Аллахтын элчиси, сизге жооп берүү мен үчүн бакыт алып келет деп үмүт кылам" - деп жооп берип жатты.
Ошондон кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким "Лаа илааха иллаллооху" деп т.а. Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад болсо Аллахтын элчиси деп жалган эмес, чын жүрөгүнөн күбөлүк берсе, анан ошол абалында өтүп кетсе, Аллах аны тозокко киргизбестигин кабарлады.
Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын айтканын адамдарга кабарлап, аларды кубантып сүйүнчүлөйүнбү деп сурайт.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдар ошого үмүт артып, башка амалдарын таштап коёбу деп чочулайт.
Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) бул хадисти өлүм сааты жакындаганга чейин эч кимге айткан эмес. Өлүмүнө жакын хадисти айтпай жашырганы үчүн күнөөкөр болуп калуудан коркуп айткан.
Benefits
Айта турган сөзүнө жакшы көңүл бурдуруу үчүн Муазга кайра-кайра кайрылганы пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таалим берүүдөгү мыкты ыкмаларынан.
Күбөлүк келмесинин шарттарынын бири: Лаа илааха иллаллооху ва анна Мухаммадан расуулуллохи келмесин айтуучу жалгандан эмес, шектенбей, бекем ишеним менен чын жүрөктөн айтышы керек.
Бир кудайга сыйынуу ишеними менен өткөн адамдар тозокто түбөлүк калбайт. Эгер күнөө себептүү тозокко кирсе да, тазалангандан кийин андан чыгып бейишке кирет.
Чын жүрөгү менен айткан адамга бул эки күбөлүктүн артыкчылыгы чоң.
Эгер туура эмес түшүнүктү пайда кыла турган болсо, кээ бир абалдарда хадисти жашырып айтпай турган оң.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

