Мен силерди эмнеден тыйсам, андан тыйылгыла! Мен силерди эмнеге буйрусам, аны чамаңардын жетишинче аткаргыла
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: "Мен силерди эмнеден тыйсам, андан тыйылгыла! Мен силерди эмнеге буйрусам, аны чамаңардын жетишинче аткаргыла. Силерден мурда жашап өткөндөрдүн көбү пайгамбарына каяша сүйлөгөнү жана бейпайда суроолорду көп бергени үчүн кыйраган".
Explanation
Benefits
Тыйылган иштердин эч бирин аткарууга болбойт. Ал эми буйрулган иштерди кудуретке жараша аткарууга уруксат. Анткени тыйылууга бардык адам кадыр. Ал эми аткарууга келгенде бардык эле адамдын кудурети бирдей эмес.
Көп суроо берүүдөн тыюу боюнча аалымдар суроолорду эки түргө бөлүшөт: биринчиси, дин иштеринин кайсы бирин билип алуу үчүн берилген суроо. Буга сахабалардын сурагандары кирет, мындай суроолорду берүү шариятта буйрулган. Экинчиси: өзүнө-өзү оорлук жаратуу үчүн, көктүк кылып атайын берилген суроолор. Мына ушундай суроолорго тыюу салынган.
Мурдагы үммөттөрдө болгон сыяктуу, бул үммөткө пайгамбарына каршы чыгуу катуу эскертилди.
Тыюу азды да, көпту да камтыйт. Анткени, жаман иштин азынан да, көбүнөн да тыйылмайынча ал сактанган болбойт. Мисалы: Сүткордуктун азы да, көбү да сүткордук. Бизди андан тыйдыбы, демек азынан да, көбүнөн да тыйылышыбыз керек.
Арам ишке алып бара турган себептерди да таштоо керек; анткени, бул дагы сактанууга кирет.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайсы бир буйругун укканда, аны "бул важыб бекен, же мустахаб бекен" деп изилдеп отуруунун кажети жок. Тескерисинче, аны аткарууга дароо киришүү керек. Хадисте: "...аны алыңардын жетишинче аткаргыла" - деп айтылган.
Көп суроо берүү, айрыкча, толук чечмеленбей турган, кайып болгон кыяматтагы адамдардын абалы сыяктуу маселелерде кыйроого себеп болот. Мындайларды тереңдеп, казып сурай берсең кыйроого кабыласың.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

