Жаркырап күн чыгып жаткан күндөрдүн эң жакшысы бул - жума күн
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жаркырап күн чыгып жаткан күндөрдүн эң жакшысы бул - жума күн. Бул күнү Адам ата жаратылган. Ушул күнү ал бейишке киргизилген. Ушул күнү бейиштен чыгарылган. Кыямат дагы дал ушул күнү болот".
Explanation
Benefits
Жума күнү жакшы иш-амалдарды көбүрөөк кылуу керек.
Жогоруда хадисте айтылган жума күнүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кээ бир китептерде: булар жума күнүнүн артыкчылыктары катары айтылган эмес, анткени, Адам атанын бейиштен чыгарылуусу, кыяматтын башталышы артыкчылыктуу иштер эмес деп айтылган. Бирок чынында булар жуманын артыкчылыктары, анткени Адам атанын бейиштен чыгуусу менен анын урпагы уланып пайгамбар, элчилер жана салих адамдар чыкты. Ал эми кыяматтын болушу салих адамдардын сыйлык алуусу жана Аллахтын аларга даярдап койгон бейишине кирүүсү жакындаганын билдирет деп да айтылат.
Бул риваяттан башка да жума күндүн өзгөчөлүктөрү тууралуу риваяттар бар. Алардын кээ бири төмөнкүлөр: жума күнү Адам атанын тообосу кабыл болгон, жума күнү дүйнөдөн өткөн, бул күнү намаз окуган пенде дуба кылганда, дубасы дал келип калса сөзсүз кабыл боло турган бир убакыт бар.
Жыл ичиндеги күндөрдүн эн жакшысы - арафа күнү. Жыл ичиндеги эң жакшы күн - курмандык чалуу күнү деген айтым да бар. Аптанын ичиндеги эң жакшы күн - жума күнү. Түндөрдүн эң жакшысы - кадыр түнү.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

