Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккени фатх кылган күнү элге кайрылып мындай деди: «Эй адамдар! Чындыгында, Аллах силерден Исламга чейинки доордун текебердигин жана ата-бабалары менен сыймыктанууларын алып салды. Эй адамдар, Аллах силерден жахилияттын жүгүн жана анын ата-бабаларына болгон текебердигин алып салды. Адамдар эки түрдүү болот: салих, такыба жана Аллахтын алдында урматтуу жана бузуку, бактысыз, Аллахтын алдында эң төмөн. Бардык адамдар Адам атанын балдары. Аллах Таала Адам атаны топурактан жараткан. Аллах Таала айтты: "Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам ата менен Обо энеден) жараттык жана бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн силерди элдерге жана урууларга бөлдүк. Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң урматтууңар - эң такыбаңар. Чындыгында, Аллах Билүүчү, Кабардар!". (Аль-Хужурат сүрөөсү, 13-аят)@*
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылып айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккени фатх кылган күнү элге кайрылып мындай деди: «Эй адамдар! Чындыгында, Аллах силерден Исламга чейинки доордун текебердигин жана ата-бабалары менен сыймыктанууларын алып салды. Эй адамдар, Аллах силерден жахилияттын жүгүн жана анын ата-бабаларына болгон текебердигин алып салды. Адамдар эки түрдүү болот: салих, такыба жана Аллахтын алдында урматтуу жана бузуку, бактысыз, Аллахтын алдында эң төмөн. Бардык адамдар Адам атанын балдары. Аллах Таала Адам атаны топурактан жараткан. Аллах Таала айтты: "Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам ата менен Обо энеден) жараттык жана бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн силерди элдерге жана урууларга бөлдүк. Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң урматтууңар - эң такыбаңар. Чындыгында, Аллах Билүүчү, Кабардар!". (Аль-Хужурат сүрөөсү, 13-аят)
Explanation
Алар Аллах Таалага ибадат кылган салих, такыба, моюн сунуучу болот. Мындай адамдар эл ичинде теги, тукуму болбосо да Аллахтын алдында урматтуу болот.
Же бузуку жана бактысыз каапыр болот. Мындай адамдар бийик даражалуу, кадыр-баркы жана бийлиги бар болсо да Аллахтын алдында эч нерсеге татыбаган, кор жана төмөн болушат.
Бардык адамдар Адам атанын балдары. Аллах Таала Адам атаны топурактан жараткан. Теги топурактан болгон адамдын текеберленип өзүнө суктануусу туура эмес. Буга Аллах Тааланын сөздөрү далил. Аллах Таала айтты: "Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам ата менен Обо энеден) жараттык жана бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн силерди элдерге жана урууларга бөлдүк. Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң урматтууңар - эң такыбаңар. Чындыгында, Аллах Билүүчү, Кабардар!". (Аль-Хужурат сүрөөсү, 13-аят)
Benefits
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

