Чынында бул дин абдан жеңил. Эч ким чамасы келбеген даражада ибадат кылам дебесин. Антсе ага дин үстөмдүк кылат. Ошондуктан, ар бир иште тактыкты
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Чынында бул дин абдан жеңил. Эч ким чамасы келбеген даражада ибадат кылам дебесин. Антсе ага дин үстөмдүк кылат. Ошондуктан, ар бир иште тактыкты жана ортолукту кармангыла. Ар бир ишти мыкты аткаргыла. Ошенте алсаңар, кубангыла. Таңкы, кечки жана түн бир оокумдагы убактыңарды жакшы пайдаланып, Аллахтан жардам сурагыла".
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) амалды толук аткарууга чамасы жетпеген адам аны колунан келишинче, аз болсо да такай аткарып турса, ага чоң сооп болорун сүйүнчү катары айткан. Анткени, амал алсыздыктан улам аткарылбай калса да сооптон үзүлүп калбайт.
Дүйнө жашоосу бул – сапар жана акыретке алып бара турган көч. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үч убакта ибадатты мыкты аткарып жана улантып турууга жардам берүүсүн Аллахтан суранууга буйруган:
Биринчиси: таң эрте багымдат намазынан күн чыкканга чейинки убак.
Экинчиси: чак түштөн оогон убак.
Үчүнчүсү: түн же түндүн кээ бир бөлүгү. Түндө ибадат кылуу күндүзгө караганда оор. Ошон үчүн түндүн кээ бир бөлүгүндө деп айткан.
Benefits
Пенде кайсы амалды болсо да аша чаппай же кемчиликтүү кылбай, колунан келишинче гана аткарууга тийиш.
Пенде ибадат кылууга сергек убактарды тандап алуусу керек. Жогоруда айтылган үч убак ибадат кылууга дене мүчөлөр чыйрак болуп турган убактар.
Ибн Хажар Аскалани айтат: "Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул хадисинде жолоочу адамга кайрылгандай кайрылган. Бул үч убак жолоочу үчүн эң жакшы убактар, ошон үчүн ага сергек убагын эскерткен. Анткени, жолоочу түндө да, күндүз да токтобой жол жүрө берсе, алы жетпей сапарын токтотот. А эгер бул үч сергектик убакта сапар кылса, сапарын кыйналбай уланта алат.
Ибн Хажар айтат: Бул хадистин кыйыр маанисинде шарият уруксат берген иштерди аткаруу зарылдыгы айтылып жатат. Уруксат берилген жерде ага маани бербей, максат кылганын аткаруу күнөө. Мисалы, суу иштетүүгө чамасы жок болуп, аны иштетсе зыянга учурай турган адамдын таямум кылуудан баш тартканы сыяктуу.
Ибн Мунир минтип айткан: Бул хадис чыныгы пайгамбарлыктын бир белгисин айгинелеген хадис. Анткени, биз да, бизден мурдагылар да динде аша чапкандардын кылып жүргөн ибадаттарын таштап коюшканын көргөнбүз. Бул жерде ибадатты толук, жеткиликтүү аткаруудан тыйып жатат деген сөз эмес. Ибадатты толук, кемчиликсиз аткаруу мактоого ылайык иш. Бул акыр аягы тажатууга алып бара турган жеке иштерге, же аткарылышы абзел (зарыл) болгон иштерден алагды кылуучу ыктыярдуу напил ибадаттарды аша чабуу менен аткарууга, же түнү менен напил намаз окуп, таң сүргөндө багымдат намазын жамаат менен окуй албай уктап калган, же күн чыгып кеткенче ойгонбой багымдаттын убактысын өткөрүп жибергендерге карата айтылган.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

