Көп киши өлтүргөн, көп зына кылган кээ бир мушриктер Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келишип: "Чындыгында, сенин айтканың жана чакырганың жакшы. Бизге кабар берчи. Биз аткарып койгон нерселердин каффараты барбы?" - дешти. Ошондо бул аяттар түштү. Аллах Таала айтты: "Алар Аллахтан башка кудайларга дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына кылышпайт.(Фуркан сүрөсү, 68-аят). Аллах Таала айтты: "(Оо, Мухаммад, Менин пенделериме) айт: "Оо, Менин, өздөрүнө ысырап кылып (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула!". (Аз-Зумар сүрөөсү, 53).@*
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылат: Көп киши өлтүргөн, көп зына кылган кээ бир мушриктер Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келишип: "Чындыгында, сенин айтканың жана чакырганың жакшы. Бизге кабар берчи. Биз аткарып койгон нерселердин каффараты барбы?" - дешти. Ошондо бул аяттар түштү. Аллах Таала айтты: "Алар Аллахтан башка кудайларга дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына кылышпайт.(Фуркан сүрөсү, 68-аят).
Аллах Таала айтты: "(Оо, Мухаммад, Менин пенделериме) айт: "Оо, Менин, өздөрүнө ысырап кылып (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула!". (Аз-Зумар сүрөөсү, 53).
Explanation
Ошондо Аллах Таала эки аят түшүрдү. Бул аятта Аллах адамдардын күнөөлөрүнүн көптүгүнө жана чоңдугуна карабастан, алардын тообосун кабыл кылганы айтылган. Эгерде андай болбогондо, алар каапырлык жана зулумдуктарын уланта беришмек жана алар бул динге кирмек эмес.
Benefits
Аллахтын пенделерине болгон ырайымы, кечиримдүүлүгү жана күнөөлөрдү жууп кетирүүсү.
Ширктин арамдыгы, арам өлтүрүүнүн арамдыгы, зына кылуунун арамдыгы жана бул күнөөлөрдү кылгандарга азаптар бар.
Ыклас жана жакшы амалдар менен бирге чын ыкластан тообо кылуу бардык чоң күнөөлөрдү, анын ичиндеги Аллах Таалага каапыр болгондорду да кечирет.
Аллах Тааланын мээриминен үмүтсүздүктөн жана үмүт үзүүдөн тыюу салынат.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

