Силердин кимиңер күнөө ишти көргөн болсо, анда аны колу менен токтотсун! А эгерде колу менен токтото албаса, анда тили менен токтотсун! Ал эми тили менен да токтото албаса, анда жүрөгүнөн жек көрсүн! Мына бул ыймандын эң алсыздыгы
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Силердин кимиңер күнөө ишти көргөн болсо, анда аны колу менен токтотсун! А эгерде колу менен токтото албаса, анда тили менен токтотсун! Ал эми тили менен да токтото албаса, анда жүрөгүнөн жек көрсүн! Мына бул ыймандын эң алсыздыгы».
Explanation
Benefits
Акырындык менен жамандыктан кайтаруу буйругу ар кимдин өз жөндөмүнө жана мүмкүнчүлүгүнө жараша болот.
Жамандыктан кайтаруу – бул диндеги улуу иштерден. Бул иш эч кимдин жоопкерчилигинен түшпөйт жана ар бир мусулманга өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша милдет болот.
Жакшылыкка буюруу жана жамандыктан кайтаруу ыймандын белгилеринен. Анткени ыйман көбөйөт жана азаят.
Жамандыктан кайтаруунун шарттарынан: Иштин күнөө экенин билүү.
Жамандыктан кайтаруунун шарты: Андан чоң жамандык алып келбеши керек.
Жамандыктан кайтаруунун мусулман сөзсүз түрдө үйрөнө турган адептери жана шарттары бар.
Жамандыктан кайтаруу үчүн шарияттык саясат, билим жана көрөгөчтүк керек.
Аткарылып жаткан күнөөнү көрүп жүрөк менен жек көрбөгөндүк - ал ыймандын алсыздыгын көрсөтөт.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

