Алла Таала менден мурда жиберген бардык пайгамбарлардын үммөтүндө анын сүннөтүн карманып, буйругун аткарган өзгөчө жакын чөйрөсү жана жолдоштору болгон
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Алла Таала менден мурда жиберген бардык пайгамбарлардын үммөтүндө анын сүннөтүн карманып, буйругун аткарган өзгөчө жакын чөйрөсү жана жолдоштору болгон. Андан кийин алардын артынан кылбаган нерсени кылдым деп, буйрулбаган нерсени аткарган адамдар чыккан. Мындай адамдарга каршы колу менен күрөшкөн – ыймандуу, тили менен күрөшкөн – ыймандуу. Кимде-ким аларды жүрөгү менен (жек көрүп) каршы болсо, ал да ыймандуу. Мындан кийинкилеринде сары кычынын данындай да ыйманы болбойт".
Explanation
Benefits
Туура эмес ишти жүрөгү менен жек көрө албастык - ыймандын алсыздыгынын же жоктугунун далили.
Алла Таала пайгамбарларга алардын артынан алар алып келген динди жеткире турган адамдар аркылуу жеңилдик берген.
Кимде-ким кутулууну кааласа, ал пайгамбарлардын жолун кармансын. Анткени, алардын жолунан башка жолдун баарынын акыры адашууга же кыйроого алып барат.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана сахабалардын доору алыстаган сайын адамдар сүннөттү таштап, напси каалоолорун ээрчип, жаңы бидааттарды пайда кылышат.
Жихаддын мартабалары ар түрдүү. Өзгөртүүгө чамасы жеткен амирлер, өкүмдарлар жана жетекчилер сыяктуу адамдар колу менен жихад кылат. Андан кийинкилер акыйкатты айтып, тили менен даават кылат. Андан кийинкилер туура эмес ишти жүрөгү менен жек көрөт, аларга ыраазы болуп жакшы көрбөйт.
Адамдарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу ваажыб.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

