HadeethEnc · 1.27.0
Аткарылган жакшы амалдары Аллахка сүйкүмдүү болгон мына ушул күндөрдөн өткөн башка күн жок" т.а. Зулхижжанын баштапкы он күнү
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аткарылган жакшы амалдары Аллахка сүйкүмдүү болгон мына ушул күндөрдөн өткөн башка күн жок" т.а. Зулхижжанын баштапкы он күнү" . Сахабалар: О, Аллахтын элчиси, Аллах жолундагы жихад да буга жетпейби? - деп сурады. "Аллах жолундагы жихад да жетпейт. Бир гана өз мал-жаны менен чыгып, кайра кайтпай калган адамдын сообу буга жетет" - деди.
02
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Зулхижжа айынын баштапкы он күнүндөгү жакшы амалдар жылдын башка учурларынан абзел экенин кабарлаган.
Сахабалар бул күндөрдөн башка күндөрү Аллах жолунда жихадга чыгуунун сооп-сыйлыгы тууралуу, бул амал абзелби, же ушул күндөрдөгү жакшы амалдар абзелби деп сурашат. Анткени аларда жихад иш-амалдардын эң абзели экени белгилүү эле.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга минтип жооп берип: бул күндөрдөгү жакшы амалдар башка күндөгү жихаддан да сооптуу, бирок бирөө Аллах жолунда жихадга өз мал-мүлкү менен чыкса жана мал-мүлкү түгөнүп, өзү да шейит болуп кетсе, ушул адамдын гана сооп-сыйлыгы жогору болорун айтат. Бул күндөрдөгү жакшы амалдарды абзел кылган мына ушул.

03
Benefits
Зулхижжа айынын баштапкы он күнүндөгү жакшы амалдардын артыкчылыгы, мусулман адамга бул күндөрдү пайдаланып калуунун, ибадаттарды көбөйтүүнүн зарылдыгы айтылган. Аллахты зикир кылуу, Куран окуу, такбир, тахлил, тахмид айтуу, намаз окуу, садага берүү, орозо кармоо ж.б. бардык жакшы амалдарды көбөйтүү керек.
Attribution
[Ал-Бухари жана Абу Дауд жазып калтырган, бул айтым Абу Даудга тиешелүү]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares