HadeethEnc · 1.27.0
Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамга (ат-күлүгүн, курал-жарагын, азык-түлүгүн) даярдап берсе, казатка чыккандай сооп алат. Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамдын үй-бүлөсүнө жакшылык кылып каралашса, казатка чыккандай сооп алат
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Махмуд бин Лабид (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамга (ат-күлүгүн, курал-жарагын, азык-түлүгүн) даярдап берсе, казатка чыккандай сооп алат. Кимде-ким Аллах жолуна казатка чыккан адамдын үй-бүлөсүнө жакшылык кылып каралашса, казатка чыккандай сооп алат".
02
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах жолунда казатка чыккан адамдын сапарга керектүү каржыларын, курал-жарагын, азык-түлүгүн ж.б. камдап берген адам, казатка чыккандын өкүмүндө болуп, казатка чыккан адамдай соопко ээ болот.
Ошондой эле казатка чыккан адамдын үй-бүлөсүнө жардам берип, ал казаттан келгенче каралашкан адам да казатка чыккандын өкүмүндө болот.
Ошондой эле казатка чыккан адамдын үй-бүлөсүнө жардам берип, ал казаттан келгенче каралашкан адам да казатка чыккандын өкүмүндө болот.
03
Benefits
Жакшылык иште жардам берүү зарыл.
Ибн Хажар минтип айткан: Бул хадисте мусулмандар үчүн пайдалуу иш кылгандарга жана алардын кайсы бир милдеттүү ишин аткарууга чыккандарга жакшылык кылып жардам берүүгө үндөйт.
Жалпы эреже: Кимде-ким Аллахка таат-ибадат кылган адамга жардам берсе, ошол адам сыяктуу соопко ээ болот. Мындан тигинин сооп-сыйы кемип калбайт.

Attribution
[Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares