Силер сураганга караганда жакшыраак нерсени айтайынбы? Уйкуга жатарыңарда отуз үч жолу тасбих, отуз үч жолу тамхид, отуз төрт жолу такбир айткыла. Бул силер үчүн кызматчыга караганда жакшырак" - деди
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Али (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат: Аллахтын элчисине кулдар алынып келгенин угуп Фатима жаргылчак тарткандан кабарып кеткен колун көрсөтүп, арызданып кызматчы сурамакчы болуп барат. Фатима барса Пайгамбарыбыз жок болот. Анан келген максатын Айшага айтып кайра кетет. Аллахтын элчиси келгенде Айша ага Фатиманын келгенин айтат. Али айтат: Биз эми уйкуга жатканыбызда, Аллахтын элчиси келип калды. Ордубуздан турмакчы болсок, ал: "Ордуңарда жата бергиле" - деди. Анан Фатима экөөбүздүн ортобузга келип отурду. Жакын отургандыктан, тамандарынын суугу ичиме билинип турду. Анан: " Силер сураганга караганда жакшыраак нерсени айтайынбы? Уйкуга жатарыңарда отуз үч жолу тасбих, отуз үч жолу тамхид, отуз төрт жолу такбир айткыла. Бул силер үчүн кызматчыга караганда жакшырак" - деди.
Explanation
Benefits
Бул зикрлер түнкү уйкуга жатарда гана айтылат. Имам Муслимдин китебинде Муаз (ага Аллах ыраазы болсун) Шуубадан риваят кылган хадисте: "Түндө төшөккө жаткан учуруңарда..." деп айтылган.
Эгерде жаткан учурда айтпай унутуп калып кийин түн ортосунда эсине түшсө, айтып койсо эч нерсе эмес. Анткени, али (ага Аллах ыраазы болсун) Сиффин согушу болгон түнү зикрди айтууну унутуп калып, кийин таңга жуук эсине түшкөндө айтканы белгилүү.
Мухлаб минтип айтат: Бул хадисте үй-бүлө башчысы өзү каалаган дүйнө кызыкчылыгына караганда акырет кызыкчылыгын алдына коюуну үй-бүлөсүнө да каалап, аларды ушуга үндөө керектиги айтылган. Эгер алар ушуну аткарууга чамасы жетсе.
Ибн Хажар Аскалани минтип айткан: Ким бул зикир сөздөрдү дайыма айтып жүрсө, анда ал адамга иштин көптүгү зыянын тийгизбейт, чарчаса да кыйналбайт.
Ал-Айни минтип айткан: Зикр кызматчыдан жакшы дегенден максат, зикр акырет үчүн, ал эми кызматчы дүйнө үчүн. Акырет түбөлүктүү жана жакшы. Же минтип айтуудан максат, ушул зикр аркылуу күч-кубат алып, кызматчы аткарганга караганда көбүрөк ишти өздөрү эле аткарышы мүмкүн.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

