Менин атымды укканда мага салават айтпаган адам - сараң адам
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Хусайн бин Али бин Абу Талиб (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Менин атымды укканда мага салават айтпаган адам - сараң адам".
Explanation
Биринчи: Бул аз да, көп да чыгым болбой турган, байлык да, күч да коротпой турган нерсеге сараңдык кылуу.
Экинчи: мындай адам өзүнө-өзү сараңдык кылып, айтылган салаваттын сообунан куру калат. Анткени ал салават айтпай, сараңдык кылды жана өзүнө жүктөлгөн милдетти аткаруудан тыйылды жана анын аткарылышынын артынан келген сооптон да кол жууду.
Үчүнчү: Пайгамбарга салават айтуу анын кээ бир акыларын берүү болуп эсептелет. Ал бизге динди үйрөттү, туура жолго багыт берди, Аллахтын динине чакырды, аян-кабарды жана шариятты таратты. Ал Аллах Тааладан кийинки эле биздин туура жолго түшүүбүзгө себепкер болду. Ошон үчүн ким ага салават айтпаса, ал өзүнө-өзү сараңдык кылат. Анын аз гана акысын бере албай пайгамбарына да сараңдык кылат.
Benefits
Пайгамбарга салават айтуу бардык убактарга тиешелүү эң жакшы таат-ибадат, Аллахка жакындоо болуп эсептелет. Ал эми аты аталган учурда салават айтуу важип болот.
Ан-Навави минтип айткан: Пайгамбарга салават айтканда салам менен салаватты чогуу айтуу керек, бирин калтырып экинчисин айтууга болойт. Мисалы: "Соллаллааху алайхи..." деп коюу же "Алайхис салам" деп коюу жарабайт.
Абу Аалия Аллах Тааланын "Аллах жана Анын периштелери пайгамбарга салават айтат..." деген сөзү тууралу минтип айткан: Аллах Тааланын пайгамбарына салават айтканы - аны мактаганы. Периштелер менен адамдардын салават айтканы - ага дуба кылганы.
Ал-Халимий минтип айткан: "Аллахумаа солли алаа Мухаммад" деген салаваттын мааниси: Аллахым, аны бул дүйнөдө атын жарыя кылып, динин жайылтып, шариятын түбөлүк калтырып улуктагын. Акыретте болсо, үммөтүн шапаат кылдырып, сооп-сыйын арттырып, мактоого татыктуу орду аркылуу мурдагы жана кийинкилерге артыкчылыгын көрсөтүп, бардык (Аллахка) жакын, күбө болуучулардын алдына коюу менен улуктагын.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

