HadeethEnc · 1.27.0
Зулумдуктан сактангыла! Себеби зулумдук - кыяматтагы караңгылык. Ач көздүктөн сактангыла! Анткени, силерден мурдагылар ач көздүктүн айынан кыйроого учураган
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Жаабир бин Абдуллах (Аллах алардан ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Зулумдуктан сактангыла! Себеби зулумдук - кыяматтагы караңгылык. Ач көздүктөн сактангыла! Анткени, силерден мурдагылар ач көздүктүн айынан кыйроого учураган. Ач көздүк аларды кан төгүүгө, арамды адал кылууга түрткөн".
02
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) зулумдук кылуудан тыйып, эскерткен. Зулумдук: адамдарга зулум кылуу, өзүнө-өзү зулум кылуу жана Аллах Тааланын акысында зулум кылуу (болуп бөлүнөт). Зулумдук - бул, ар бир акы ээсине акысын бербей койуу. Адамдын кылган зулумдук кыямат күнү анын башына кыйынчылык жана оор абалдар менен коштолуп каран күн түшүрөт. Ошондой эле ач көздүктөн тыйган. Ач көздүк бул суктук жана сараңдык. Мал-мүлккө тиешелүү бирөөлөрдүн акысын бербей коюу, дүнүйөгө өтө берилип суктук кылууда ач көздүккө кирет. Зулумдуктун ушул түрү бизден мурда жашап өткөн кээ бир коомдорду кыйратып жок кылган, аларды бири-бирин өлтүрүүгө түрткөн, Аллах арам кылган нерселерди адалдаштырууга алып барган.
03
Benefits
Мал-мүлктөн каралашуу, бир туугандар менен тең бөлүшүү, бири-бирин жакшы көрүүгө жана байланышты бекемдөөгө себеп болот.
Сараңдык жана ач көздүк бузукулукка, ката кетирүү жана күнөө кылууга алып барат.
Мурда жашап өткөн үммөттөрдүн абалын да этибарга ала жүрүү зарыл.
Сараңдык жана ач көздүк бузукулукка, ката кетирүү жана күнөө кылууга алып барат.
Мурда жашап өткөн үммөттөрдүн абалын да этибарга ала жүрүү зарыл.
Attribution
[Муслим жазып калтырган]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

