Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.
Explanation
Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак.
Аллахка такыбалык кылуу - бул сени менен Аллахтын азабынын ортосундагы сактануу. Ал Аллахтын буйруктарын аткаруу жана тыюу салган нерселеринен тыйылуу.
Ал эми жакшы адеп-ахлак - бул жылуу жүздүү болуу, жакшылык кылуу жана зыян берүүнү токтотуу.
Тозокко киргизе турган эң чоң себептер экөө. Алар:
Тил жана уяттуу жерлер.
Башкача айтканда тилдин күнөөлөрү. Бул - жалган айтуу, гыйбат кылуу, ушак айтуу ж.б.
Ал эми уяттуу жерлердин күнөөлөрү - бул зына кылуу, гомосексуализм ж.б.
Benefits
Тилдин ээсине жеткирген коркунучу бар жана ал тозокко киргизүүчү себептердин бири болот.
Напсинин кумарларынын жана бузукулуктун адам үчүн коркунучу бар жана ал тозокко киргизүүчү эң көп себептердин бири болот.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

