Бетин тытып, жакасын айрып, караңгы доорго чакырып, кыйкыргандар бизден эмес
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Бетин тытып, жакасын айрып, караңгы доорго чакырып, кыйкыргандар бизден эмес".
Explanation
Биринчиси: Беттин кырына ургандар. Беттин кыры деп айтканы беттин көп бөлүгүн түзгөнү үчүн, негизи беттин бардык бөлүгүнө уруп, тытмалоого тыюу салынган.
Экинчиси: Кайгыдан улам кийимдин башын чыгара турган жерин, жакасын айрыгандар.
Үчүнчүсү: Караңгы доордогудай амалдарды кылуу, мисалы, кошок, өкүрүк, ж.б. коштогон дубаларды кылуу.
Benefits
Кайгы-кысыретке сабыр кылуу важыб. Аллахтын тагдырына ачуулануу жана аны өкүрүк, кайгыруу, чачты жулуп, кийимди тытуу менен билдирүү арам иш.
Шарият тыюу салган карангылык доордогу жаман адаттарды кармануу арам.
Кайгырып, көздөн жаш чыгарып ыйлоо эч нерсе эмес, бул Аллахтын тагдыр-өкүмүнө сабырсыздык деп эсептелбейт. Бул Аллах Тааланын (каза болгон адамга) жакын, аны жакшы көргөн адамдардын жүрөгүнө салган ырайымы.
Мусулман адам Аллах Тааланын тагдыр-өкүмүнө ыраазы болушу керек. Эгер ыраазы болбосо да, ага сабыр кылуу важыб.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

