Ал туура чыгып калган сөздү жиндер уурдап келип (көзү ачык) досунун кулагына тоок какылыктагандай какылдайт. Алар болсо ага жүздөн ашык жалганды аралаштырып айтат"-деп айтты
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Аиша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Адамдар Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү ачыктар тууралуу сурашты. Ал: "Алар эч нерсе кыла албайт" - деди. О, Аллахтын элчиси, кээде алардын айтканы туура чыгып калып жатпайбы - дешти. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ал туура чыгып калган сөздү жиндер уурдап келип (көзү ачык) досунун кулагына тоок какылыктагандай какылдайт. Алар болсо ага жүздөн ашык жалганды аралаштырып айтат"-деп айтты.
Explanation
Кээ бир окуяларда алардын айтканы туура чыгып калып жатат, мисалы, баланча айда, баланча күнү мындай болот деп кайып ишти айтса, ошолордун айтканындай болуп калган учурлар болот дешет.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жиндер асманда айтылган кабарларды тыңшап угуп келет да көзү ачык досторуна түшүп укканын аларга айтат. Кийин көзү ачык анын асмандан укканына жүз жалганды кошуп жиберет.
Benefits
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгы башталгандан тартып асман кабарлары шайтандардын кулак салып угуп алуусунан сакталган. Кээ бир гана жылдыздын соккусунан аман калып кулак төшөгөндөрү угуусу мүмкүн.
Жиндер адамдардын арасынан дос тутат.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

