Ошондо пайгамбарыбыз: "Аларды уккула жана баш ийгиле. Алар өз моюнундагына, силер өз моюнуңардагыга жооп бересиңер" - деп жооп берди
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Вааил ал-Хазрамий айтат: Салама бин Йазид ал-Жуфий (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурады: Оо, Аллахтын пайгамбары, эгер бизге өздөрүнүн укугун талап кылып, бизди укугубуздан тыйган адамдар башчы болуп калса, биз эмне кылабыз? Пайгамбарыбыз андан жүз бурду. Ал дагы сурады. Пайгамбарыбыз дагы жүз бурду. Ал экинчи же үчүнчү жолу сураганда Ашаъс бин Кайс аны жым отур деп эскертти. Ошондо пайгамбарыбыз: "Аларды уккула жана баш ийгиле. Алар өз моюнундагына, силер өз моюнуңардагыга жооп бересиңер" - деп жооп берди.
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул суроону жактырбагансып, ага жооп бербей тескери бурулду. Бирок сураган адам суроосун эки-үч жолу кайталап жиберди. Ашаъс бин Кайс сурап жаткан кишини этегинен тартып жым бол деп белги берди.
Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жооп берип мындай деди: Алардын айтканын уккула, буйругуна баш ийгиле. Анткени, алар моюнуна жүктөлгөн, адилеттүү болуу, кол алдындагылардын акысын берүү сыяктуу иштерге өздөрү жооп берет. Силер болсо, моюнуңарга жүктөлгөн, аларга баш ийүү, акысын берүү, кыйылчыкка сабыр кылуу сыяктуу иштерге жооп бересиңер.
Benefits
Башчылардын өз милдеттерине кайдыгер мамилеси адамдарга өз милдеттерине кайдыгер мамиле кылууга укук бербейт. Ар ким аткарган иши үчүн жооп берет, шалаакылыктары үчүн да жазасын алат.
Бул хадисте айтылгандай: Дин алмашууга негизделген эмес. Биринчи тарап өз моюнуна жүктөлгөн иште кемчилик кетирсе дагы, экинчи тарап өз милдетин так аткара берүүсү керек.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

