Аллахтан корккула! Башчыңар хабаший (ынды кара) кул болсо да аны уккула жана моюн сунгула! Менден кийин көптөгөн карама-карышылыктарды көрөсүңөр. Ошондо менин жана менин туура жол көрсөтүүчү халифтеримдин сүннөт жолун бекем кармагыла!
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Ал-Ирбаз бин Сария (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Бир күнү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туруп, бизге аябай жеткиликтүү насаат айтты. Андан жүрөктөр титиреп, көздөр жашылданды. О, Аллахтын элчиси, бизге коштошуп жаткандай насаат айттың, эми бизге бир келишимди (дайыма аткарып жүрүү үчүн) осуят кыл - дешти. Ал мындай деди: " Аллахтан корккула! Башчыңар хабаший (ынды кара) кул болсо да аны уккула жана моюн сунгула! Менден кийин көптөгөн карама-карышылыктарды көрөсүңөр. Ошондо менин жана менин туура жол көрсөтүүчү халифтеримдин сүннөт жолун бекем кармагыла! Ага азууңар менен жармашкыла! Жаңы пайда болгон иштерден сак болгула! Анткени, бардык жаңы иштер адашуу".
Explanation
Benefits
Насаат айтууга жана жүрөктү жумшартуучу нерселерге көңүл буруу.
Өзүнөн кийинки туура жолго баштоочу төрт халифти ээрчүүгө буюруусу. Алар Абу Бакр, Умар, Усман, Али (Аллах алардан ыраазы болсун).
Динде жаңы ишти пайда кылуудан тыюу. Анткени, бардык жаңы иштер - адашуу.
Ыймандууларга башчы болгон адамды күнөө эмес иштерде угуу жана ага баш ийүү.
Бардык учурда жана бардык абалда Улук Аллах Таалага такыба болуунун зарылдыгы.
Бул үммөттө келишпестиктер сөзсүз болот. Мындайлар пайда болгондо Аллахтын элчисинин жана туура жолго баштоочу халифтердин сүннөт жолуна кайтуу лаазым.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

