الفلق
Al-Falaq
The Daybreak
1 - Al-Falaq (The Daybreak) - 001
قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلۡفَلَقِ
Айт (оо, Мухаммад): «Таң Раббисинен коргоо тилеймин:[1]
[1] Ушул жана мындан кийинки - “Ан-Нас” сүрөлөрүнүн түшүүсүнө төмөнкү окуя себеп болгон: Лабид деген бир жөөт сыйкырчысы көралбастыктын айынан он бир даана түйүнчөккө дем салып, пайгамбарыбызды сыйкырлап койот. Мунун натыйжасында пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам бир аз унутчаак болуп калганда, Аллах таала “Фалак” жана “Ан-Нас” сүрөлөрүн түшүрүп, алар менен өзүнө дем салууга буюрат. Пайгамбарыбыз ар бир аятты окуган сайын бирден түйүн чечилип, сыйкырдан кутулат. Бул эки сүрөнү пайгамбарыбыз ар кандай жамандыктардан сактанууга жана ооруганда шыпаа болуу үчүн окуганы белгилүү.
2 - Al-Falaq (The Daybreak) - 002
مِن شَرِّ مَا خَلَقَ
(Өзү) жараткан (зыяндуу) нерселердин жамандыгынан...,
3 - Al-Falaq (The Daybreak) - 003
وَمِن شَرِّ غَاسِقٍ إِذَا وَقَبَ
Каптап кирген учурдагы (караңгы) түндүн жамандыгынан...,[1]
[1] Караңгы кирээри менен жин-шайтандар жайылып, ар кандай жамандыктар көбөйөт.
4 - Al-Falaq (The Daybreak) - 004
وَمِن شَرِّ ٱلنَّفَّـٰثَٰتِ فِي ٱلۡعُقَدِ
Түйүндөргө дем салган сайкырчылардын жамандыгынан...,
5 - Al-Falaq (The Daybreak) - 005