Силерге Аллахка такыба болууну осуят кылам. Эгер силерге кул киши башчылык кылса да аны уккула жана укканыңарды аткаргыла. Мен өтүп кеткенден кийин көбүрөөк жашаганыңар өтө көп карама-каршылыктарды көрөсүңөр. Менин жана туура жолго баштаган халифаларымдын сүннөт-жолун кармангыла
Абу Нажих Ирбаз бин Сария (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге насаат айтты. Андан жүрөктөр титиреп, көздөр жаш алды. Биз: "О Аллахтын элчиси, бул сөздөрүңүз биз менен коштошуп жаткандай туюлду. Бизге осуят…

