HadeethEnc · 1.27.0
Силердин бирөөңөр даарат алып, анан маасысын кийсе, ошол маасысы менен намаз окуй берет. Кийин даарат алганда маасысына масх тартат жана кааласа аларды чечпейт. Бирок жунуб болсо гана чечип жуунусу керек
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силердин бирөөңөр даарат алып, анан маасысын кийсе, ошол маасысы менен намаз окуй берет. Кийин даарат алганда маасысына масх тартат жана кааласа аларды чечпейт. Бирок жунуб болсо гана чечип жуунусу керек".
02
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баяндайт: эгер даарат алгандан кийин маасы кийсе, анан даараты бузулуп кайра даарат алмакчы болсо, кааласа маасысына масх тартып койсо болот. Белгилүү мөөнөткө чейин маасысын чечпей, масх тартып жүрө берет. Бирок жунуб болуп калса, анда маасыны чечип жуунуу керек.
03
Benefits
Маасыга толук даарат алып кийгенден кийин гана масх тартылат.
Туруктуу адам үчүн масх тартуунун мөөнөтү бир күн, бир түн. Сапардагы адам үчүн үч күн, үч түн.
Маасыга масх тартуу кичи дааратка гана тиешелүү, жунубдукка тиешелүү эмес. Ал эми жунубдукта масх тартуу жарабайт, маасыны чечип эки бутту жуу зарыл.
Жөөттөргө окшобоо үчүн маасы, чокой ж.б.у.с. нерселер менен намаз окуу мустахаб, эгер ала таза болсо жана башка намаз окуучуларга жолтоо болбосо. Ошондой эле килем төшөлгөн мечит болсо, анда чокой менен окууга болбойт.
Маасыга масх тартуу мусулман үммөтү үчүн берилген жеңилдик.

Attribution
[Ад-Даракутни жазып калтырган]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares