HadeethEnc · 1.27.0
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунганда бир саадан беш мудга чейин өлчөмдөгү сууга жуунчу. Даарат алганда бир муд сууга даарат алчу
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунганда бир саадан беш мудга чейин өлчөмдөгү сууга жуунчу. Даарат алганда бир муд сууга даарат алчу.
02
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубтуктан жуунганда бир саадан төрт мудга чейинки өлчөмдөгү сууга жуунчу. Дааратты бир муд сууга алчу. Саа дегени - төрт муд. Бир муд - болжолдо, адамдын кочушуна толо суу. (Эки колун бириктирип кочуштап сузуп алганчалык, болжолдо жети жүз, жети жүз элүү мл. суу болот)
03
Benefits
Шарият, суу кенен агып жатса да дааратта жана гусулда сууну үнөмдөөгө, ысырап кылбоого буйруйт.
Гусул жана дааратта сууну аз иштетүү мустахаб. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көрсөткөн жолу ушундай.
Гусулда жана дааратта сууну ысырап кылбай, же өтө үнөмдөп жибербей сүннөттү жана адепти сактоонун максаты суунун аз убагына да, кенен убагына да жана бардык убактарга тиешелүү.
Уруктук суусу кумарлануу менен атып чыккан же жыныстык катнаш кылган адамды жунуб деп айтышат. Жунубдук же жанабат дегендин мааниси алыс болуу дегенди билдирет. Анткени, жунуб болуп калган адам тазаланып жуунганга чейин намаз ж.б. ибадаттарга жакындабай алыс болот.
Саа - белгилүү өлчөм бирдиги. Саа дегенден максат пайгамбардын өлчөмү, анын салмагы таза буудайда 480 мискал, суюктукта 3 литр.
Муд - шарияттагы салмак өлчөмдөрүнүн бири. Чоң адам эки колун бириктирип кочуштап алганчалык өлчөм. Муд саанын төрттөн бири болорун баардык аалымдар бир ооздон бекемдешкен. Болжолдо 750 мл.

Attribution
[Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares