HadeethEnc · 1.27.0
Силерден бирөөңөр уйкудан турганда мурдун үч жолу кеңилжээрине чейин тазалап жуусун. Анткени шайтан мурундун кеңилжээринде түнөйт
Available translations
Choose an available translation of this Hadeeth
01
Hadeeth text
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Силерден бирөөңөр уйкудан турганда мурдун үч жолу кеңилжээрине чейин тазалап жуусун. Анткени шайтан мурундун кеңилжээринде түнөйт".
02
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уйкудан турган адамды мурдун үч жолу жууга үндөйт. Мурунду жуу дегени, сууну мурунга киргизе тартып кайра чимкирүү. Мындай кылуунун себеби, шайтан мурундун кеңилжээринде түнөгөнү үчүн. Бул жалпы мурундун ичи.
03
Benefits
Уйкудан турган ар бир адам үчүн мурундун ичин үч жолу тазалап жууп, шайтандын изин кетирүү шарияттын талабы. Эгер даарат ала турган болсо, анда мурунду сөзсүз жуу керек.
Мурунду чимкирүү, мурунга суу алууну толуктайт. Анткени суу алуу мурундун ичин тазалайт, чимкирүү мурун ичиндеги ыплас нерсени сыртка чыгарат.
Мурунду тазалоону түнкү уйкуга чектеген себеби хадисте шайтан түнөйт деп айтылгандыктан. Анткени, түнкү уйку терең жана узун болот.
Хадисте адам сезбеген абалда ага шайтан жакындаарына далил бар.

Attribution
[Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
Categories
Share
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares