افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم.
#66536[Сахих (ишенимдүү)]
HadeethEnc · 1.27.0

Бардык мас кылуучулар - арам.

Available translations

Choose an available translation of this Hadeeth

01

Hadeeth text

Абу Бурда атасы Абу Муса Ашаринин (ага Аллах ыраазы болсун) айтканын айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны Йеменге жөнөтөт. Кийин Абу Муса пайгамбардан йемендиктер жасаган ичимдик тууралуу сурайт. Пайгамбарыбыз: "Ал эмне экен?" - деп тактайт. Абу Муса: "Ал-битъу ва алмизру" - дейт. Андан "ал-битъу" эмне экенин сурашканда, ал: "Ал-битъу - балдын кайнатмасы, ал-мизру - арпанын кайнатмасы" - деп түшүндүрөт. Пайгамбарыбыз: "Бардык мас кылуучулар - арам" - деп жооп берет. Имам Бухари. Имам Муслимдин китебинде мындай айтылат: Абу Муса айтат: "Аллахтын элчиси мени менен Муазды Йеменге жиберди. (Кийин) мен: "О Аллахтын элчиси, бизде арпадан жасалган "ал-мизру" деген, анан балдан жасалган "ал-битъу" деген ичимдиктер бар, буларды ичсе болобу?" - деп сурасам, ал: "Бардык мас кылуучулар арам" - деп жооп берди". Муслимдин китебинде жазылган дагы бир айтымда мындай айтылат: Пайгамбарыбыз: "Намаздан адаштыра тургандай мас кылган нерсенин баары арам" - деген. Анын дагы бир айтымында: "Аллахтын элчисине кыска сөз менен түшүндүрүү артыкчылыгы берилген эле. Ал намаздан адаштыра турган мас кылуучунун баарынан тыйган".
02

Explanation

Абу Муса Ашари кабарлайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны Йеменге жибергенде, ал Йеменде жасалган ичимдиктер жөнүндө сурайт. Пайгамбарыбыз аны чечмелеп сурайт. Абу Муса алар балдан жана арпадан жасалган ичимдиктер экенин айтат. Ошондо кыска сөз менен түшүндүрүү артыкчылыгы берилген пайгамбарыбыз: "Бардык (акылды кетире турган) мас кылуучулар - арам" - дейт.
03

Benefits

Набиз: Курманы, же жүзүмдү, же арпаны, же балды сууга салып кайнатып, анан сүзүп алынган шире. Кээде ал ачып кетет да, мас кылуучу касиетке ээ болуп калат.
Бул хадис арак, наша сыяктуу бардык мас кылуучу нерселердин баары арам экенине далил болгон эреже.
Мусулман адамга өзүнө керектүү билбеген нерсесин сурап билип алуусу зарыл.
Аракка алгач кээ бир мухажирлердин намаз окуп жатып кыраатында адашып туура эмес окуп алган учурда тыюу салынган. Аллах Таала: "Эй, ыймандуу пенделер! Эмнени айтып жатканыңарды аңдап билмейинче мас абалыңарда намазга жакындабагыла!" (Ниса, 43-аят). Мында Пайгамбарыбыздын жарчысы "мас болгондор намазга келбесин!" деп жар салган. Андан көп өтпөй Аллах Таала аракка толук тыюу салып: "Эй, ыймандуу пенделер! Чынында, арак, кумар, буркан таштар жана жебе (менен төлгө салуу) шайтандын ыплас иштеринен. Андан оолак болгула! (Ошондо тозоктон) кутуларсыңар. 91. Арак жана кумар аркылуу шайтан силердин ортоңорго жек көрүүнү, душмандыкты киригизүүнү жана силерди намаз окуудан, Алланы эстөөдөн алагды кылып тосууну каалайт. Эми токтотосуңарбы?!" деген аяттарды түшүргөн (Маида, 90-91-аяттар).
Аллах Таала аракты анын коомду буза турган зыяны чоң болгону үчүн арам кылган.
Арам болуу үчүн мас кылуучу сыпаты болушу керек. Эгер кайнатылган шире мас кылса, ал - арам. Эгер мас кылуучу сыпаты жок болсо, аны ичүү мубах.

Attribution

[رواه البخاري ومسلم]

Categories

Share

Share hadeeth

Sharing options · 0 Total shares

Share

← Back to encyclopedia
Shopping Basket

Loading...