Аллах Таала жакшылыктарды жана жамандыктарды жазып, анан аларды баяндап берген
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинин айтканын минтип айткан: "Аллах Таала жакшылыктарды жана жамандыктарды жазып, анан аларды баяндап берген. Кимде-ким бир жакшылыкты ниет кылып, бирок аткара албай калса, Аллах Таала ага ошол жакшылыкты толук аткарды деп жазат. Эгер ниет кылып, анан ниетиндегини иш жүзүндө аткарса, анда ага ондон жети жүзгө чейин же андан да көп эселеген жакшылыктарды жазат. Эгерде пенде бир жаман ишти ниет кылып, бирок аны аткарбаса, ага толук бир жакшылыкты жазат. А эгер ниет кылып, ниетин иш жүзүндө аткарса, ага бир жамандык жасады деп жазат".
Explanation
Демек, кимде-ким бир жакшылык кылууну кааласа, ниет кылса жана аны аткарууга чечкиндүү киришсе, анда аны аткара албай калса деле ага бир жакшылык жазылат. А эгерде аны аткарса, анда он эседен жети жүз эсеге чейин бир канча эсе көбөйтүлүп жазылат. Бир канча эсе көбөйүү бул жүрөктөгү ыкластуулукка, пайданын келишишне ж.б.у.с. нерселерге жараша болот.
Ал эми кимде-ким бир жамандык кылууну каалап, ниет кылып, чечкиндүү киришип анан аны Аллах үчүн таштаса, анда ага бир жакшылык жазылат. Эгерде анын себептерин кылбай, алек болуп таштап койсо, анда ага эч нерсе жазылбайт. А эгерде ал колунан келбей аны таштаса, анда анын ниети жазылат. А эгерде аны аткарса, анда ага бир жамандык эле жазылат.
Benefits
Иш-аракеттерди аткаруудагы ниеттин маанилүүлүгү жана анын таасири.
Аллах Тааланын пазилети, боорукердиги жана жакшылыгы бул кимде-ким бир жакшылык кылууга ниет кылып, аны аткара албай калса, анда Аллахтын ага жакшылык жазуусу.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

