افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم. افتتاح البرنامج الدعوي السبت القادم، ٩ / ٣ / ١٤٤٨هـ بعد صلاة الفجر مباشرة مسجد محمد بن إبراهيم، الجامعة الإسلامية بالمدينة المنورة فضيلة الشيخ د. هيثم بن محمد سرحان دورة اليوم الواحد، وختم كتاب كل سبت بإذن الله حياكم الله ونفع بكم.
#66511[Сахих (ишенимдүү)]
HadeethEnc · 1.27.0

“Чынында иш-аракеттер ниетке жараша болот. Аныгында, ар бир адам ниетиндегисине жетет

Available translations

Choose an available translation of this Hadeeth

01

Hadeeth text

Ыймандуулардын амири Абу Хафс Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтып жатканын уктум: “Чынында иш-аракеттер ниетке жараша болот. Аныгында, ар бир адам ниетиндегисине жетет. Кимдин хижраты (жер которуу) Аллах жана Анын элчиси үчүн болсо, анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты жетчү дүнүйө үчүн, же үйлөнчү аял үчүн болсо, ошол ниетиндегисине хижрат кылган болот”.
02

Explanation

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардык иш-аракеттерде ниеттер эске алынарын кабар берип жатат. Бул өкүм бардык ибадаттарда жана соода-сатыктарда жалпы болоору айтылды. Ошондуктан кимде-ким өз ишинде пайда көрүүнү ниет кылса, анда ал бул ниети менен пайдадан башка эч нерсеге жетпейт жана ага эч кандай сооп да болбойт. Ал эми кимде-ким өз иши менен Аллах Таалага жакындоого ниет кылса, анда ал иши жеп-ичүү сыяктуу катардагы иш болсо да, ал бул ниети менен соопко жана сыйлыкка жетет.

Андан кийин, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ниет менен амалдар сырткы сүрөтүнөн бирдей болгонуна карабастан ниеттин амалдарга тийгизген таасирин көрсөтүү үчүн мисал келтирди. Ошондуктан Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким хижрат кылууга ниет кылып Раббисинин ыраазычылыгын көздөп мекенин таштап кеткен болсо, анда анын хижраты кабыл болгонун, Ислам шариятына дал келген хижрат экенин жана ниетинин чынчылдыгынан улам хижраттын сообуна да ээ болорун ачык айтты. Ал эми кимде-ким хижрат кылуу менен акча, кадыр-барк, соода же аял сыяктуу дүнүйөлүк пайданы ниет кылса, анда ал хижраттан ал ниет кылган пайдасына гана жетет жана ага сооптон үлүш болбойт.
03

Benefits

Иш-аракеттерди калыс Аллах үчүн аткарууга үндөө. Анткени Аллах Өзүнүн жүзү үчүн аткарылган иш-аракеттерден башкасын кабыл албайт.
Эгерде балакатка жеткен адам Аллах Таалага жакындата турган амалдарды адатынча аткарса, анда ал амалдары менен Аллахка жакындоого ниет кылмайынча ал үчүн сооп болбойт.
Ниет аркылуу ибадаттар бири-биринен айырмаланып турат, ошондой эле ибадаттар адаттардан ажыратылат.

Attribution

[رواه إماما المحدثين أبو عبد الله محمد بن إسماعيل بن إبراهيم بن المغيرة بن بردزبه البخاري وأبو الحسين مسلم بن الحجاج بن مسلم القشيري النيسابوري في صحيحيهما اللذين هما أصح الكتب المصنفة]

Categories

Share

Share hadeeth

Sharing options · 0 Total shares

Share

← Back to encyclopedia
Shopping Basket

Loading...