Намаз окуганыңарда катарыңарды түздөп тургула, анан силердин бириңер намазда имам болсун. Ал имам: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтса, анда силер да "Аллаху Акбар" деп такбир айткыла. Эгерде имам: «Гайрил магдууби алайхим уалад-дооооллиин" - деп айтса, анда силер: "Аамиин" - деп айтсаңар, Аллах Таала силерди жакшы көрөт. [Фатиха: 7] Эгерде имам такбир айтып рүкү кылса, анда силер да такбир айтып рүкү кылгыла. Анткени имам силерден алдын рүкү кылып, силерден алдын рукүдөн тик турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) : "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Эгерде имам: "Самиаллааху лиман хамидах" - десе, анда силер: "Аллахумма Раббана лакал хамду" - десеңер, Аллах силерди угуп турат. Анткени Аллах Таала Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тили менен: "Самиьаллааху лиман хамидах, Аллах мактоо шүгүр айткандарды угат" - деген. Эгерде имам такбир айтып сажда кылса, анда силер да такбир айтып сажда кылгыла. Анткени имам силерден алдын сажда кылып, кайрадан саждадан турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) : "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Имам каадага отурганда силердин биринчи айткан сөзүңөр: "Аттахиятут-тоййибаатус-салаваату Лиллахи. Ассаламу алайка аййухан набиййу уа рахматуллахи уа баракатух. Ассалааму алайна уа алаа ибаадиллахис-саалихиин. Ашхаду аллаа илааха иллаллааху уа ашхаду анна Мухаммадан абдуху уа расуулух" - сөзү болсун
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Хаттан бин Абдуллах Ар-Ракаши риваят кылган хадисте: "Мен Абу Муса аль-Ашари менен намаз окудум, ал каадада отурганда элден бир киши: "Намаз такыбалык жана зекет менен орундалган" - дейт. Абу Муса намазды бүтүрүп салам бергенден кийин аларга барып: "Силердин кимиңер мындай сөздү айтты?" – деди. Ошондо адамдар унчукпай турушту. Андан кийин кайра: "Силердин кимиңер тигиндей деген сөздү айтты?" - деди. Кайра эле адамдар унчукпай турушту". Андан кийин: "Балким, сен, Хаттан, ушинтип айткандырсың?" - деди. Хаттан: "Мен айткан жокмун, сен мени катуу урасын деп корктум" - деди. Ошондо элден бир киши: "Мен айттым, мен муну менен жакшылыкты гана кааладым" - деди. Ошондо Абу Муса айтты: "Намазда кантип айтууну билбейсиңерби? Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хутбада бизге сүннөтүбүздү түшүндүрүп, намазыбызды үйрөтүп мындай деп айткан: «Намаз окуганыңарда катарыңарды түздөп тургула, анан силердин бириңер намазда имам болсун. Ал имам: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтса, анда силер да "Аллаху Акбар" деп такбир айткыла. Эгерде имам: «Гайрил магдууби алайхим уалад-дооооллиин" - деп айтса, анда силер: "Аамиин" - деп айтсаңар, Аллах Таала силерди жакшы көрөт. [Фатиха: 7] Эгерде имам такбир айтып рүкү кылса, анда силер да такбир айтып рүкү кылгыла. Анткени имам силерден алдын рүкү кылып, силерден алдын рукүдөн тик турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) : "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Эгерде имам: "Самиаллааху лиман хамидах" - десе, анда силер: "Аллахумма Раббана лакал хамду" - десеңер, Аллах силерди угуп турат. Анткени Аллах Таала Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тили менен: "Самиьаллааху лиман хамидах, Аллах мактоо шүгүр айткандарды угат" - деген. Эгерде имам такбир айтып сажда кылса, анда силер да такбир айтып сажда кылгыла. Анткени имам силерден алдын сажда кылып, кайрадан саждадан турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) : "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Имам каадага отурганда силердин биринчи айткан сөзүңөр: "Аттахиятут-тоййибаатус-салаваату Лиллахи. Ассаламу алайка аййухан набиййу уа рахматуллахи уа баракатух. Ассалааму алайна уа алаа ибаадиллахис-саалихиин. Ашхаду аллаа илааха иллаллааху уа ашхаду анна Мухаммадан абдуху уа расуулух" - сөзү болсун.
Explanation
Намаз окуганыңарда катарды түздөп түз тургула. Анан алардын бири элге имамдык кылат. Эгерде имам такбиратул ихрамды (ачылыш такбирин) айтса, имам сыяктуу такбиратул ихрамды айткыла. Эгерде имам Фатиха сүрөөсүн окуп: "Гойриль магдууби алейхим уаладдооооллиин" - десе, анда силер: "Аамиин!" - деп айткыла. Эгерде силер ушундай кылсаңар, Аллах дубаңарды кабыл кылат. Эгерде имам такбир айтып рүкү кылса, анда силер да такбир айтып рүкү кылгыла. Имам сенден алдын рүкү кылат жана сенден алдын рүкүдөн турат. Андыктан имамдан ашып кетпегиле. Анткени имамдын рүкүдө сенден мурда кылган учуру сени бир аз рүкүнү кечирээк кылууга мажбурлайт. Ошондуктан ал учур ошол эле учур болот да сенин рүкүңдүн өлчөмү анын рүкүсүнүн өлчөмүнө тең келет. Эгерде имам: "Самиьаллаху лиман хамидах" - десе, анда силер: "Аллахумма Раббанаа лакал хамд" - деп айткыла. Намаз окуган адамдар ушинтип айтышса, Аллах Таала алардын дубасын жана сөздөрүн угуп турат. Анткени Аллах Таала Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тили менен: "Аллах мактоо-шүгүр айткандарды угат" - деген. Эгерде имам такбир айтып сажда кылса, анда артындагы адамдар да такбир айтып сажда кылышсын. Анткени имам алардан алдын сажда кылып, кайра алардан алдын саждадан турат. Ошондуктан ал учур ошол эле учур болот да алардын саждасынын өлчөмү имамдын саждасынын өлчөмүнө тең келет. Имам каадага отурганда намаз окуп жаткандардын биринчи айткан сөзү: "Аттахиятут-тоййибаатус-салаваату Лиллахи" болсун. Башкаруу, түбөлүктүүлүк жана улуулук баарысына Аллах гана татыктуу. Ошол сыяктуу эле беш убак намаздын баары Аллах үчүн гана болот. Ассаламу алайка аййухан набиййу уа рахматуллахи уа баракатух. Ассалааму алайна уа алаа ибаадиллахис-саалихиин. Ар бир кемчиликтен, балээден, жетишсиздиктен жана бузукулуктан сактоосун Аллахтан тилегиле. Жана Пайгамбарыбыз Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам айтып, андан кийин өзүбүзгө салам айтабыз. Андан соң Аллах Тааланын акысын жана Аллахтын пенделерине важиб болгон укуктарын аткарган Аллахтын салих пенделерине салам айтабыз. Андан соң: "Ашхаду аллаа илааха иллаллааху уа ашхаду анна Мухаммадан абдуху уа расуулух" - деп Аллахтан башка кудай жок экендигине күбөлүк беребиз жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк беребиз.
Benefits
Намаздын амалдары жана сөздөрү Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келген нерселерден болушу керек. Сүннөттө келбеген бир сөздү жана амалды намазга бидаат кылып киргизүү эч кимге туура болбойт.
Имам менен жарышуу же андан өтө эле артта калуу туура эмес. Имамдын артында турган адамдар имамдын кылган амалын ээрчисе болот.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жеткирүүгө жана үммөтүнө диндин өкүмдөрүн үйрөтүүгө болгон кызыгуусун айтты.
Имам артында намаз окуган адамга үлгү болот. Ошондуктан намазда имам менен жарышуу да, аны менен тең аткаруу да, көп артта калуу да туура эмес. Тескерисинче, ал имам өзү каалаган амалды тастыктап аткарууга киришкенден кийин аны ээрчиш керек. Имамды намазда ээрчүү сүннөт.
Намазда саптарды түз алып туруу шариятта каралган.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

