Адамдар Сахл бин Саад Ас-Саадиге келип, минбардын жанынан өтүшүп жана андан минбардын жыгачы эмнеден экенин сурашканда ал мындай деди: "Аллахка ант болсун! Анын эмнеден экенин билбейм. Аны биринчи орнотулган күнү көрдүм жана биринчи күнү Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, анын үстүнө отурганын көрдүм. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Сахл деп атаган баланча ансар аялга мындай деп жөнөтөт: "Уста балаңа айт, мага минбар жасап берсин, мен адамдарга сүйлөгөндө ага отурайын. Ошондо ал аял кызматчысына буйруду. Ал кызматчысы аны токойдогу тамариск дарагынан жасады да аны аялга алып келди. Андан кийин ал аял аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, жөнөтөт. Ошондо Аллахтын Элчиси аны бул жерге коюуну буйруду. Андан соң мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, анын үстүндө намаз окуганын жана анын үстүндө турганда «Аллаху акбар» деп такбир айтканын, андан кийин анын үстүндө турганда рүкү кылганын, андан соң жүзүн артка бурбай ылдый түшүп, минбардын жанында сажда кылып, кайра кайтып чыкканын көрдүм. Намазды окуп бүткөн соң элге кайрылып: "Эй адамдар, мен муну силер менин намазымды ээрчип, үйрөнсөңөр деп кылдым" - деп айтты".@
Choose an available translation of this Hadeeth
Hadeeth text
Абу Хазим бин Динар, радыяллаху анху, риваят кылат. Адамдар Сахл бин Саад Ас-Саадиге келип, минбардын жанынан өтүшүп жана андан минбардын жыгачы эмнеден экенин сурашканда ал мындай деди: "Аллахка ант болсун! Анын эмнеден экенин билбейм. Аны биринчи орнотулган күнү көрдүм жана биринчи күнү Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, анын үстүнө отурганын көрдүм. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Сахл деп атаган баланча ансар аялга мындай деп жөнөтөт: "Уста балаңа айт, мага минбар жасап берсин, мен адамдарга сүйлөгөндө ага отурайын. Ошондо ал аял кызматчысына буйруду. Ал кызматчысы аны токойдогу тамариск дарагынан жасады да аны аялга алып келди. Андан кийин ал аял аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, жөнөтөт. Ошондо Аллахтын Элчиси аны бул жерге коюуну буйруду. Андан соң мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, анын үстүндө намаз окуганын жана анын үстүндө турганда «Аллаху акбар» деп такбир айтканын, андан кийин анын үстүндө турганда рүкү кылганын, андан соң жүзүн артка бурбай ылдый түшүп, минбардын жанында сажда кылып, кайра кайтып чыкканын көрдүм. Намазды окуп бүткөн соң элге кайрылып: "Эй адамдар, мен муну силер менин намазымды ээрчип, үйрөнсөңөр деп кылдым" - деп айтты".
Explanation
Benefits
Таалим үчүн минбарда намаз окууга жана муктаждык болгондо имамдын адамдардан бийик көтөрүлүшү болот.
Мусулмандардын муктаждыктары үчүн өнөрлүү адамдардан жардам суроо болот.
Муктаждык болсо намаз учурунда кичине кыймылдаса болот.
Артта намаз окуган адам намазда имамдан сабак алуу үчүн имамга карап койсо болот жана бул намаздагы коркуу менен турууга каршы келбейт.
Attribution
Categories
Share hadeeth
Sharing options · 0 Total shares

